Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакалов: Баткен согушунда 54 жоокер каза болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель Республиканского совета ветеранов войны в Баткене Канат Бакалов
Председатель Республиканского совета ветеранов войны в Баткене Канат Бакалов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакалов Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү боюнча өкмөттүн токтому чыккандыгын маалымдады.
Бакалов: Баткен согушунда 54 жоокер каза болгон

Буга чейин ал күндү эскерүү Коргоо министрлигинин 416-буйругунун негизинде тар чөйрөдө гана болуп келген. Бул тууралуу Канат Бакалов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн жаңы токтому — согушта курман болгондордун жакындары жана бүтүндөй кыргыз эли үчүн чоң жеңиш.

"Баткенге душмандар биринчи ирет 1999-жылы кол салышты. Анда кыргыз армиясы абдан эле алсыз болчу, бирок элдин, жоокерлердин духу жогору эле. 2000-жылы кирип келгенде биз күч алып калган кез болду. Ал согушта расмий маалымат боюнча 54 жоокер каза болду. Бирок кийин ведомстволор аралык комиссия 78 адам курман болгон деп жыйынтык чыгарган. Бул окуя эгемендүү кыргыз тарыхында кара тамга менен жазылып калды. Андагы элдин, жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбаш керек. Жакында жагымдуу жаңылык уктук. Өкмөттүн 2018-жылдын 25-декабрындагы 615-буйругунун негизинде ар жылы 26-октябрь — Баткен согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү болмой болду. Буга чейин ал күн Коргоо министрлигинин 416-буйругунун негизинде тар чөйрөдө гана белгиленип келген", — деди Бакалов.

Ошондой эле ал Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинде өлкө боюнча 3 миң ардагер бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0