Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: эл менен байланышуу маселеси жакшырды

© Фото / Ринат ШамсутдиновСвердлов районунун акими Самарбек Болотбеков. Архив
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков тургундарды жеке кабыл алуудан сырткары, көйгөйлөр менен ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу таанышарын айтты.
Болотбеков: эл менен байланышуу маселеси жакшырды

Свердлов районунун тургундары менен байланышуу маселеси жакшырды. Бул тууралуу Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эми шаардыктар көйгөйлөрүн "Бишкек 312" тиркемеси аркылуу да билдирүүдө.

"Элди жеке кабыл алуудан сырткары, алардын көйгөйлөрүн ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу угуп, аны чечүүгө күчүбүздү жумшап келебиз. Бизде атайын группалар бар. Мисалы, "Бишкек 312" тиркемеси аркылуу бишкектиктер түздөн-түз кайрылып, суроолоруна жооп ала алат. Социалдык тармактарды колдонбогон тургундарбыз үчүн атайын жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп келебиз. Аларды жыл башындагы пландар жана жыл жыйынтыктары менен кабардар кылып турабыз", — деди аким.

Болотбеков 2018-жылы Свердлов районунда 27 чакырым жол асфальтталгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0