Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калыкеев: тоноочулук жана чөнтөк уурулук — шаардын көйгөйү

© Sputnik / Досхан НусупбековНовый замначальника ГУВД Бишкека Нурбек Калыкеев
Новый замначальника ГУВД Бишкека Нурбек Калыкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИББдин башчысынын биринчи орун басары Нурбек Калыкеев 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы кылмыштын саны көп катталгандыгын маалымдады.
Калыкеев: тоноочулук жана чөнтөк уурулук — шаардын көйгөйү

2018-жылы Бишкек шаары боюнча 11078 кылмыш иши катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1800гө көп. Бул тууралуу Нурбек Калыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда бети ачылган кылмыш иштеринин пайыздык көрсөткүчү дагы жогорулаган.

"2018-жылы шаар боюнча 11078 кылмыш иши катталган. 2017-жылы ал көрсөткүч 9278ди түзгөн. Бирок бети ачылган кылмыштардын саны дагы көбөйдү. Мисалы, 630 оор жана өтө оор кылмыштын 508инин бети ачылган. 41 адам өлтүрүү фактысы катталган болсо, анын экөөсү гана ачыла элек. 58 зордуктоо фактысынын 100 пайыз бети ачылган. Бирок шаар үчүн батир, унаа тоноо, чөнтөк уурулук чоң көйгөй жаратып жатат", — деди Калыкеев.

Ошондой эле ал кылмыштардын басымдуу бөлүгү изи сууй электе ачылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0