Ишкерлер ассоциациясынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов. Архив

Акматов: ишкерлер тарабынан "ишкерликтин кодекси" жазылып жатат

31
(жаңыланган 14:43 15.01.2019)
Ишкерлер ассоциациясынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов жергиликтүү ишкерлер, юристтер, илимдин докторлору, профессорлор менен бирдикте ишкерликтин кодекси даярдалып жатканын айтты.
Акматов: ишкерлер тарабынан "ишкерликтин кодекси" жазылып жатат

Учурда ишкерликке байланыштуу 100дөн ашуун мыйзам бар, анын арасында бири-бирине каршы келгендери да арбын. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кодекс 2019-жылдын май айларында жазылып бүтөт.

"Мыйзамдагы башаламандыктарды жоюп, ишкерликке ийкемдүү шарттарды түзүү үчүн атайын кодекс даярдалууда. Аны жазууда тажрыйбалуу ишкерлер, юридика илимдеринин доктору, профессорлор эмгектенүүдө. Аталган кодекс 2019-жылдын май айларында жазылып бүтүп калат деп божомолдоп жатабыз. Бүтөрү менен парламентке, президентке, өкмөткө сунушталат жана кызыккан бардык мамлекеттик органдар менен талкуулоого даярбыз. Антпесек, өлкөдө 100дөн ашуун ишкерликке байланышкан мыйзамдар бар, бирок көпчүлүгү бири-бирине карама-каршы келет", — деди Акматов.

Ал ошондой эле жаңы түзүлгөн кодекс ишкерлердин ишин жеңилдетерин кошумчалады.

31
Белгилер:
кодекс, ишкердик, экономика, Сталбек Акматов
Тема боюнча
Акматов: ишкерликтин айрым тармактарында көмүскө экономика 80 пайызга жетет
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова

Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт

45
(жаңыланган 15:16 10.07.2020)
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова борбор калаадагы күндүзгү стационарлар тынымсыз иш алып барып жатканын айтты.
Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт

Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлардагы медиктер алгачкы күндөрү жетишпей, буту-колдору шишип кеткенге чейин иштеп жатышты. Бейтаптар медиктерге ыраазычылыгын билдирип, бетинен өөп жибергиси келип жатат. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды

Анын айтымында, Бишкек шаарынын төрт районунда экиден стационар бейтаптарды кабыл алып, ал эми бирөөсүндө үчүнчү күндүзгү стационар ачылууда.

"Бишкек шаарындагы стационарлардагы 790 орунга 8-июлда 8 086 адам кабыл алынып, 6 673 киши дарыланып, 1 349 адамга консультация берилди. Булардын ичинен 57 жаранга тез жардам чакырылып, ооруканаларга жеткирилди. Тилекке каршы, жети жаран көз жумду. Эртең мененки 8:00дөн кечки 20:00гө чейин дарыгерлер кызмат көрсөтүшүүдө. Алгачкы күндөрү медиктер жетишпей, буту-колдору шишип кеткенге чейин иштешти. Кийинки күндөрдө эки топко бөлүнүп иш алып барышууда. Мэрдин тапшырмасы менен бейтаптардын ПЦР-тести бар-жогуна карабастан жардам көрсөтүлүүдө. Бул жакта иштеген дарыгерлердин тамак-ашы, транспорту жана жашаган жери камсыздалган. Бейтаптар медиктерге ыраазычылыгын билдирип, бетинен өөп жибергиси келип жатат. Абалга жараша жеке каражаттары жана вирустун жугуу коркунучунан улам анте алышпайт", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал акыркы убактарда сакайып чыккан бейтаптардын саны көбөйүп калганын кошумчалады.

45
Белгилер:
дарыгерлер, мэрия, бейтап, Гуля Алмамбетова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эми мечиттерде жума намаз окулбайт. Муфтияттын билдирүүсү
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова

Өпкө дарыгери пневмонияда керектелчү аппараттар тууралуу айтып берди

52
(жаңыланган 15:16 10.07.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова пневмонияга чалдыккан учурда кандай аппараттар керектелери жана алардын бааcы тууралуу айтып берди.
Өпкө дарыгери пневмонияда керектелчү аппараттар тууралуу айтып берди

Пульсоксиметр өпкөгө кычкылтектин кандай деңгээлде жетип жаткандыгын текшерет. Бул бейтаптарга караганда дарыгерлерге көбүрөөк керектелүүчү аппарат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калк арасында пневмонияга чалдыкканда колдонуучу аппараттарды "ооруп калсам иштетем" деп алып койгондор да бар.

Министрлик: коркпогула, өз алдынча антибиотик ичпегиле!

"Адам пневмонияга кабылганда алгач анын өпкөсүнө канчалык деңгээлде кычкылтек жетип жаткандыгы текшерилет. Бул аппарат пульсоксиметр деп аталып, баасы 3000 сомдон 100 долларга чейин жетет. Муну көбүнесе дарыгерлер сатып алат. Наркындагы айырма анын чыгарылган өлкөсүнө жараша болот. Пульсоксиметр менен ченеп алган соң өпкөсү ооруга чалдыккан адамга кычкылтек концентратору керек болот. Анткени сезгенген өпкө тийиштүү деңгээлде өз функциясын аткара албай, канга кычкылтек жетпей адам энтигип кыйналат. Учурда кычкылтек концентраторлорунун баасы 800 доллардан 5000 долларга чейин болууда. Кытайдан чыгарылгандардын баасы эң арзан болсо, Америка, Европа өлкөлөрүнөн келгендери кымбат турат. Мындан сырткары, Россия жана Түркия мамлекеттери да кычкылтек концентраторлорун чыгарат. Азыр калк арасында дал ушул жабдууга муктаж болгондор көбөйүүдө. Бирок эл арасында "ооруп калсам иштетем" деп алып койгондор да жок эмес экен. Аларды учурда муктаж болуп турган жарандарга бере туруусун суранат элем", — деди Естебесова.

Дарыгер пульсоксиметр менен ченегенде дени сак адамдын өпкөсүнө кычкылтектин баруусу 95 пайыздан жогорку ченемди көрсөтүп турушу керектигин кошумчалады.

52
Белгилер:
кычкылтек концентратору, коронавирус, аппарат, пневмония
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
9 000ден ашты! Коронавирус дагы 511 кишиден табылды
Москвадагы Russia Today телеканалын офиси. Архив

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды

0
(жаңыланган 23:48 10.07.2020)
Дүйнөдө санкция, таасир үчүн күрөш, керек болсо маалыматтык ресурстардын жолун бууган кадамдар уланып келет. Алардын бири RT телеканалдарын көрсөтүүгө Балтика боюндагы өлкөлөрдүн тыюу салышы болду. Бул туурасында россиялык журналист Ирина Алкснис ой жүгүрткөн.

Литва өзүнүн аймагында RT курамында болгон беш каналдын иштөөсүнө тыюу салды.

Бул Латвиянын бийлиги дал ушундай чечимди кабыл алгандан бир апта өтпөй кайталанды. Кезекте — Эстония. Алардын ТИМи мындай кадам болорун четке каккан жок.

Таллиндин бул боюнча мүмкүнчүлүгү жогору деле эмес: "Балтика боюндагы жолборстордун" антироссиялык адаттагы консенсусу эске түшөт. Буга Эстония бийлигинин Sputnik агенттигинин иштешине бут тоскон учурларды да кошууга болот. Алар ойлогон максатына жетүү үчүн кызматкерлердин артынан түшүп, ал тургай кылмыш ишин ачабыз деген коркутууларга чейин барган.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

Анткен менен бул окуяда кызык бир учур чыгат. Ал - Вильнюстун чечимди расмий жактан негиздеши болду. RT Батыштын санкциясына кабылган Дмитрий Киселевдун көзөмөлүндө турат деген бекемдөөлөр, аталган медиаресурска каршы чыгууга себеп болду.

Кеп аталган нерсенин чындыкка дал келер, келбесинде деле эмес.

Анткен менен Литва бийлиги какшыктаган комментарийлерге кабылган. Аны жазгандар RT Дмитрий Киселев жетектеген "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттигине тиешелүү эместигин белгилеп өткөн.

Маанилүүсү буга чейин эле болгон. Мындан туптуура бир жыл мурда Латвиянын ЖМК боюнча улуттук кеңеши RT берүүсүнө салынган тыюу боюнча https://radiosputnik.ria.ru/20200630/1573696517.html билдирүүсүндө телеканалдар "Дмитрий Киселевдун жеке көзөмөлүндө турат" дешкен. Анда да дал эле ушул сыяктуу Маргарита Симоньян менен Россия ТИМи латвиялык расмий түзүмдөрдүн кесипкөй эмес айткандарына тушуккан. Анда жөөлүгөн сымал кептер айтылган.

Ал кезде бул кокустуктан болгон жана аткаруучулардын конкреттүү катасы экенин түшүндүрүүгө болот эле. А негизи дилетанттар менен халтурщиктерден бир дагы система сыртта калган эмес.

Бирок Литвада ошондой окуялардын дал өзүндөй болуп кайталанып жатышы бир нерсени баамдоого түртөт. Көрсө, эч кандай жаңылыштык кетиришпептир. Муну баары Латвия менен Литванын билип туруп эле жасаган нерсеси экени ачыкка чыкты.

RT берүүлөрүн тыюу салуу — саясий чечим. Аны юридикалык жактан "тазараак" мотив менен түшүндүрсө болбойт беле? Албетте болмок. Антиш үчүн көбүрөөк башты оорутуп, ведомстволорго көбүрөөк күч жумшап, мыйзамдын ичинен кандайдыр бир жол таап чыгыш керек болчу.

Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш

Ушул өзгөчөлүк, кабыл алынган чечимдердин сыртынан болсо да жасалмалоо, жок дегенде юридикалык жактан сакталган кылдаттык качандыр бир кезде Батыш демократиясынын көзүрлөрүнүн бири болгон. Ал азыркыдай эмес, саясий системалардын фонунда өзгөчө, башкача көрүнгөн.

Андан бери канча суулар акты, жылдар өттү. RT берүүлөрүнө тыюу салуу маселесинде Балтика боюндагы республикалар акыркы жылдары ири державалар такыр башкача кылып салып, таптап койгон жол менен кетти.

Америкалыктарды белгисиз бир күкүм менен пробирка окуясы негизги, чыныгы нерседен алаксытып, башканы издетти. Тагыраагы, алар Иракка кирер алдында эл аралык коомчулуктун алдында бул кадамын негиздеп бериши керек эле.

Британиялыктар Скрипалдын айланасында ууландырды деген шоу уюштурду. Аларды көзгө сайып турган чындык копшолтуп да койгон жок. Сот акыйкаттыгын бетке кармап келген.

Нидерланддар МН17 боюнча соттук жараянда таңгалдырып бүтпөгөн кадамдарын жасашты.

Мындай маанайдагы мамиле Россияга эле эмес, Кытай, Иран, Венесуэла сыяктуу дагы бир топ "ичи чыкпагандарга" карата колдонулган. Ал бир эле эмес, бир нече жолу жасалып жаткандыктан, күнүмдүк көрүнүшкө айланып бара жаткандай. Анын фонунда Литва жана Латвия бийликтеринин RT берүүлөрүнө тыюу салган окуясы башкача көрүнөт экен. Айтор, сүр көрсөтүп, опуза кылуу канчалык деңгээлде керек деген суроо жаралат.

"Россия сегодня" ПАСЕде: журналисттерди кодулоо, түрмө, кесип ишеними жөнүндө

Мунун да өз логикасы бар. Антироссиялык көз караштагы аудиторияга "RT боюнча көзөмөл кылган Киселев" жөнүндө ("Скрипалды ууландырган Путин" же "Донбасстын үстүнөн учуп бара жаткан "Боингди" атып түшүргөн Кремль") жазылгандар жагат. Ал эми Россияга жана аны жактырган Батыштагыларга күч коротуп кереги жоктугун билип турушат. Кыязы, аларды өз тарабына тартуу же оюн өзгөртүү мүмкүн эмес деп эсептешет.

Алгач (ачык эле жасалма) маалыматтык, саясий, идеологиялык айла-амалдар, ал тургай Батыштын моралдык монополиясы менен башталган. Дал ошондон улам өзүнүн саясатын тыкыр жана жогорку чеберчиликте иштеп чыгууну маанилүү деп эсептебей калды. Муну атаандаштарына да жасады. Анын жыйынтыгында компетенциясын жоготуп жана өзүнө ашыкча ишенип, кенебей калгандыктан ал монополиясын кантип жоготуп алганын өзү да байкабай калды.

Эми абал башка өңүткө кете баштады. Азыр ошол күчтөрдүн бардыгы сапаттуу иштеп, олуттуу мамиле жасабай, кесипкөйлүгүн жан үрөп пайдаланбай калды. Себеби жанындагылар кетип калат, ал эми каршылашыңды баары бир макулдатып, ийге келтире албайсың.

Таң калычтуусу, алар баарын олуттуу ойлоп (Балтика боюндагы өлкөлөрдүн RT боюнча чечими да муну тастыктайт), кесипкөйлүктүн карааны да жок ыкмалары менен Россияны идеологиялык да, геосаясий да жактан жеңип алабыз деген бекем ишенимде болгондугу.

0
Белгилер:
телеканал, саясат, санкциялар, ЕБ, Россия
Тема боюнча
RT аймактагы журналисттер жана блогерлер үчүн медиа мектеп уюштурат
Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы