Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: көпчүлүк кайненелер келин алууга даяр эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова үй-бүлөнүн бекемдиги бири-бирин угуудан башталарын айтты.
Бообекова: көпчүлүк кайненелер келин алууга даяр эмес

Үй-бүлөнүн жоопкерчилиги эки гана кишиден эмес, анын айланасындагылардан да көз каранды. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде көпчүлүк кайненелер келин алууга даяр эмес.

"Үй-бүлөнүн бекемдиги ынтымактан, сыйдан, бири-бирин уга билүүдөн башталат. Эки жаштын канчалык деңгээлде даярдыгы, канчалык деңгээлде сабырдуу экени, канчалык деңгээлде жетилгени өтө маанилүү. Бир түтүн булатчу кыз жана жигиттин мамилеси менен катар эле жигиттин ата-энеси келин киргизүүгө, кыздын ата-энеси башка үй-бүлөгө кызын берүүгө даярбы деген маселер каралышы зарыл. Азыркы кезде көпчүлүк кайненелер келин алууга даяр эмес", — деди психолог.

Бообекова жаңы үй-бүлө курулганда эки уруу, эки башка маданият, эки башка чөйрө бириге турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0