Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: бизде өлүмдүн 52 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу

© Sputnik / Табылды КадырбековКардиолог, профессор Акбай Сарыбаев
Кардиолог, профессор Акбай Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акбай Сарыбаев жүрөк-кан тамыр оорулары аталган тармактагы эң оор маселелерден экендигин айтты.
Сарыбаев: бизде өлүмдүн 52 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу

Өлкөдөгү адам өлүмүнүн 52 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу болот. Бул тууралуу Акбай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпы майыптык алган жарандардын 20 пайызы — жүрөк ооруларынын кесепетинен майыптыкка кабылгандар.

"Кыргызстанда жүрөк оорулары орчундуу маселе. Калктын бүт өлүм-житимдеринин 52 пайызынын себепкери дал ушул жүрөк дартына байланыштуу. Майып болгон адамдардын дагы 20 пайызы жүрөк оорусунан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип калгандар. Жүрөк-кан тамыр ооруларына тиешелүү эки миңдей дарт бар. Анын ичинен 3-4ү эң эле кооптуу. Ал — гипертония, коронардык жүрөк оорусу. Ага инфаркт жана инсульт кирет. Андан тышкары, коронардык жүрөк оорусу органды алсыздантат", — деди Сарыбаев.

Ошондой эле ал диабет оорусу дагы чоң көйгөй экендигин айтып, ал оору эртеби-кечпи, жүрөк-кан тамыр оорулары, гипертонияга алып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0