ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Бегалидин Пирманов

Пирманов: түкүрүүгө каршы акцияны эл убагында колдогон

191
(жаңыланган 15:24 15.01.2019)
ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Бегалидин Пирманов жаңы кодекстерде айып пулдар мурдагыдай башаламан болбой, иретке келтирилгендигин айтты.
Пирманов: түкүрүүгө каршы акцияны эл убагында колдогон

Буга чейин "Ыйман" фондусу "Түкүрбө" деген акция өткөргөн. Коомчулук ал акцияны кызуу колдоп, депутаттарга да бул маселе боюнча кайрылуулар болгон экен. Бул тууралуу Бегалидин Пирманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түкүрүү боюнча айыпка жыгуу видео, сүрөт материалдардын жана күбөлөрдүн тактоосунун негизинде гана ишке ашат.

"Бул мыйзамдар кабыл алынып жатканда коомчулукта "Ыйман" фондусу тарабынан уюштурулган "Түкүрбө" деген акция жүргөн. Анда маселени көпчүлүк кызуу колдогон. Депутаттарга да кайрылуулар болуп, анын негизинде мыйзамга киргизилип, айып пул чегерилген. Айып пулдар эски мыйзамдарда башаламан коюлуп калган. Мисалы, Административдик кодексте 200 сомдон тартып 100 000 сомго чейин деп каралса, айрым бир кылмыштын түрлөрүнө салынган айып пулдар андан аз сумма эле. Жаңы кодекстерде бул мүчүлүштүк оңдолуп, айып пулдар иреттелди. Мисалы, Эреже бузуулар кодексинин эң жогорку айып пулу Жоруктар кодексинин эң аз айып пулу, ал эми Жоруктар кодексине коюлган эң көп айып пул Кылмыш-жаза кодексиндеги эң аз айып пул болуп киргизилди. Түкүрүү боюнча киргизилген айып пул дагы Эреже бузуу кодексинде ушундай тартиптин негизинде белгиленген", — деди Пирманов.

Ал түкүрүү боюнча айып пулдун суммасы өлкөнүн бардык аймактарында бирдей экендигин кошумчалады.

191
Белгилер:
мыйзамдар, түкүрүү, айып пул, Бегалидин Пирманов
Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)
Тема боюнча
Султанов: эми күбөлөрдүн ордуна видеокамералар иштейт
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова. Архивдик үрөт

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

950
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова кантип коронавирустан айыкканын айтып берди.

Вирус өпкөмдүн 56 пайызын жабыркатыптыр. Бул тууралуу Кайырбүбү Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

Анын айтымында, COVID-19 вирусун кайдан, кантип жуктуруп алганын өзү билбей калган.

"Россияда ооруканалардын биринде буфетте иштейм. Бир күнү эле тамагым кычышып, кадимки тамак оорунун белгилери байкалды. Врачка көрүнсөм жөн эле тамак оорусу деп сормо дары жазып берди. Аны колдонуп дагы 4-5 күн үйдө болдум. Бирок оору жоголбой эле күндөн-күнгө күчөп, дене табым 38,5 градуска чыга баштады. Башка дарыгерге барып көрүнсөм алар өпкөнү компьютердик томографиядан өткөрүп, 56 пайызын вирус жабыркатканын айтышты. Андан соң мени Тез жардам менен COVID-19ду дарылаган бейтапканага алып кетишти. Жалпысынан 10-11 күн абдан кыйналдым, ооруканага жаңы барганда өз алдынча дем ала албай аппаратка туташтырышты. Тамакка болгон табитиң жоголуп, көкүрөк тушуң катуу ооруйт экен. Жашым 60ка барып калгандыктан, чынында корктум. Медиктер мыкты дарылагандыктан айыгып кеттим", — деди Абдыкадырова.

Ал вирус аныкталганга чейин беш ирет COVID-19га анализ тапшырып, баары таза чыкканын кошумчалады.

950
Белгилер:
ден соолук, Россия
Тема боюнча
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов

Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерлик күчөп кетиши ыктымал

21
(жаңыланган 10:44 07.06.2020)
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов аңчылыктын айрым түрлөрүнө мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору бул багыттагы мурдагы укуктук документтерди кайталап жатканын айтты.
Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

Аңчылыкка тыюу салуудан мурда егерлердин штатын чечүү керек. Ал үчүн 500 миллион сом каражат керектелет. Ансыз браконьерлик күчөп кетүүсү ыктымал. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдагы өкмөттүн токтомунда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө 2026-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салынган.

"Аңчылыкка убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2015-жылдан бери төртүнчү жолу каралып жатат. Бул жолкусунда да эч кандай өзгөрүүсүз эле сунуштап жатышыптыр. Анткени көп жылдан бери аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесине маралды кошуп келишет. Ал эми бул жаныбарды атууга буга чейин эле тыюу салынган. Өлкөдө мергенчиликке уруксат берилген аянт 15 миллион гектар болсо, анын алты миллиону өкмөттүн карамагында. Ал жерде 2016-жылдан баштап аңчылык толугу менен токтотулган. Ал эми калган аймактарды атайын ушул багытта иш алып барган фирмалар карайт. Алардын 160-170тей мергенчиси өзүнө таандык аянтты коруп, көзөмөлгө алышат. Эгерде мыйзам долбоору өтүп кетсе, жеке менчик фирмалар көзөмөл кылган жерлер каралбай калат. Себеби өкмөт көзөмөл кылган 6 миллион гектар аянтта 43 егер иш алып барат. Ошондуктан мораторий киргизиштен мурда 160 адистин штатын чечүү зарыл. Ал үчүн 500 миллион сом керектелет. Эгерде мындай болбосо, браконьерлик көбөйүп кетүүсү ыктымал", — деди Турдуматов.

Ошондой эле ал бардык жаныбарларды атууга тыюу салууга да болбой турганын белгилеп, себеби жаныбарлар арасында ар кандай ылаң жайылганда кооптуу жагдай жарала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 29-майда "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 2026-жылдын 31-декабрына чейин бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу каралган.

21
Белгилер:
аңчылык, жаныбарлар, мораторий
Тема боюнча
Кадыров: жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоорунун терс жактары көп
Медициналык кызматкерлер тез жардам унаасында. Архив

Жолдон төрөтүп, аман алып калган абысыныма ыраазымын. Ак жарык

5
(жаңыланган 15:19 07.06.2020)
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул ирет редакцияга келген катка көңүлүңүздөрдү буруп, абысындын жасаган жакшылыгынан улам жарык дүйнөгө аман-эсен, ден соолугу чың наристе келгендиги тууралуу айтылат.

...Саламатсыздарбы, мен да сиздердин "Ак жарык" рубрикаңыздар аркылуу абысынымдын кылган жакшылыгы үчүн ыраазычылык билдирүүнү эп көрүп турам.

Биз шаар сыртындагы жаңы конуштарда жашайбыз. Там салып алганбыз. Үч балабыз бар. Экинчи кайним үйлөнгөндө короого кичирээк там салып өздөрү үйлүү болгуча деп бөлүп койгонбуз. Кайнатамдар айылда жашайт.

Ошентип менден жети жаш кичүү, тарсылдаган тың, ачык-айрым абысындуу болдум. Менин мүнөзүм жоош, кенебей, шашылбай жүрө бермейим бар. Тигүүчү болуп иштегендиктен жумуштан дайыма кеч кайтам. Абысыныма дагы бир ичим жылыганы — мен жумуштан келгиче балдарыма көз салып, тамагын берип курсагын тойгузуп коюп жүрдү. Күн бою жумушта жүргөн энелерге бул аябай эле чоң жардам. Жолдошум да ишине байланыштуу кеч бошогондуктан, балдарды бакчадан алып коюу кайнимдин мойнунда болчу.

Абысыным келгенде үчүнчү балам боюмда болчу. УЗИге барсам "бала туура эмес жатып алыптыр, бирок төрөгүчө түздөнөт" деп айткандан элден угуп көптү төрөгөн эжеге ырым-жырым жасаткам.

Белгиленген күнүмө жетпей эле бир күнү ичим акырындан ооруп баштады. Мен ай толгоо го деп камырабай, акырын басып үй иштерим менен жүрө бердим. Байкасам улам эле кармап, акырындан катуулай берди. Эмнеси болсо дагы деп ооруканага алып барчу оокаттарымды дагы бир сыйра даярдап иреттегенче чай койдум. Абысынымды чакырып, ичим ооруп жатканын айтсам эле чала-була чай ичип "анда даярданыңыз, кебетеңиз башкача болуп турат" деп шаштырып кирди.

Кийинип даярданып баштаганда эле суу кетти, айламды таппай калдым. Абысыным ырас чуркап барып кошунаны айдатып келе коюптур. Өзүмдү колго алып эптеп машинеге отуруп, аны-муну салып жөнөп калдык. Анан эле жолдон такыр болбой калдым. Айдоочунун да шаштысын кетирдик. Келиним да "жеңе, такыр шашпайсыз" деп чыйпылыктап урушуп жатат. Төрөтканага жетпей каларыма көзүм жеткенде абысыныма: "Өлүп калам го, кантип төрөйм? Бала келип калды", - деп кыйналганыма коркконум кошулуп көзүм алайды. Ошондо келинимдин чечкиндүүлүгүнө таң бердим. Өзү жаңы турмушка чыккан жаш келин. Машинаны жолдун чекесине токтоттуруп, айдоочуну чыгарып жиберди да, мени төрөтүүгө киришти. Он беш мүнөткө жетпей алышып жатып бат эле төрөп койдум.

Жаным жай алганы менен ичимен "эми дарыгерлер не дейт, бала жакшы эле төрөлдү бекен?" деп сарсанаа болуп жатып карасам, келиним байкуш менин аркы-беркилеримди жыйнап, бала менен алектенип, бир сүйүнүп, бир чыйпылыктап жатканын көрдүм. Ичим ысып, ыраазы болдум. 

Ошентип айдоочу төрөтканага алып келип токтотуп, абысыным кирип эле медиктерди чакырып чыкты. Ичимен коркуп, тынчсызданып жаттым. Ак халатчандар бизди палатага киргизип, мени жайгаштырып, баланы да карап, журналына жазып абысыныман төрөт тууралуу сурай баштады. Көрсө, бала буту менен келиптир. Медиктер буту менен келген баланы келиним туура төрөтүп алгандыгын, бул оңой эмес экендигин айтканда бир аз жеңилдей түштүм. Алар деле таң калып күлүштү. Байкуш келиним бала каягы менен келерин деле билбептир. Ал өзү таң калып жүрөт. Экөөбүз тең жашып, кучакташып, кыйынчылыктан бирге чыкканыбызга сүйүндүк. Рахматымды айттым.

Мен өзүмдү бир өлүмдөн калгандай сездим. Эне-баланын өмүрүн сактап, киндик энеси болгон абысыныма ыраазымын.

Баса, эки уулдан кийин төрөлгөн кызымдын ысымын атасы экөөбүз кеңешип абысыныма койдурдук.

Азыр абдан ынакпыз. Өзү төрөп көрбөсө да ошондогу чечкиндүүлүгүнө, айдай кызым экөөбүздүн өмүрүбүздү сактаган батылдыгына рахмат!

5
Белгилер:
медик, келин, кыз, бала, төрөткана
Тема:
Ак жарык
Тема боюнча
Бетиме жайылган кан, такси менен жеткирген шаардык аба. Абитуриенттин ак жарыгы