Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбетова: мэрге келип жол киреге 10 сом сурагандар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архив
Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова 2018-жылы мэрияга 2017-жылга салыштырмалуу кайрылуулар алты пайызга аз болгондугун маалымдады.
Алмамбетова: мэрге келип жол киреге 10 сом сурагандар бар

2018-жылы мэрияга жалпысынан 21001 киши ар түрдүү маселелер менен кайрылган. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эң көп кайрылуулар жер маселесине байланышкан.

"Мэрияга 2018-жылы кат түрүндө — 4972, оозеки — 2625 кайрылуу келип түшкөн. Шаар жетекчилиги тарабынан кабыл алынган адамдардын саны 1106 кишини түздү. 443 коомдук кайрылуулар болду. Баш-аягы өткөн жылы мэрияга — 21001 адам ар кандай маселе менен кайрылган. Мэрдин жеке кабылдоосунда — 82 адам болду. Кайрылуулар президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин дагы аппараттарынан түшүп турду. Ошол эле учурда акча сурап арыздангандардын саны 186ны түздү. Кээде мэрияга келип, жолго короткон 10 сомумду бергиле деп да кетишет", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн кайрылуулар Whаtsapp каналы, мобилдик тиркеме, электрондук каналдары ачылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0