КРдин Мамлекеттик салык кызматынын камсыздандыруу төгүмдөрү бөлүмүнүн башчысы Султан Укуев

Укуев: камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу Салык кызматына өттү

119
(жаңыланган 17:21 16.01.2019)
КРдин Мамлекеттик салык кызматынын камсыздандыруу төгүмдөрү бөлүмүнүн башчысы Султан Укуев буга чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу Социалдык фонддун карамагында болуп келгендигин маалымдады.
Укуев: камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу Салык кызматына өттү

Ушул жылдын 15-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу Салык кызматынын бирдиктүү терезелеринде жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Султан Укуев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрдү кабыл алууну Салык кызматы пилоттук негизде эки райондо ишке ашыра баштаган.

"Буга чейин камсыздандыруу төгүмдөрдү Социалдык фонд жүргүзүп келген. 2015-жылдан тартып Салык кызматы пилоттук негизде эки райондо төлөмдөрдү кабыл ала баштаган. Ал Бишкек шаары боюнча Октябрь району жана Чүй облусу боюнча Сокулук району. Ошондон тартып эки райондо камсыздандыруу төгүмдөр боюнча өсүш белгиленген. Айтсак, 2016-жылы өсүү — 108 пайызды, 2017-жылы өсүү — 118 пайызды жана 2018-жылы — 105 пайызды түздү. Бул процесстин Салык кызматына өтүшүнүн негизги максаты элдин убактысын үнөмдөп, кагаз иштерин кыскартуу болгон. Төгүм тарифтерине эч кандай таасирин тийгизбейт", — деди Укуев.

Ошондой эле ал учурда камсыздандыруу төгүмдөрдү кабыл алуу боюнча Салык кызматында техникалык база даярдалып, атайын сервистик программа ишке киргизилгендин кошумчалады.

119
Белгилер:
өсүү, салык, камсыздандыруу, Султан Укуев
Тема боюнча
Кыргызстанды кимдер багат? Ири салык төлөгөн ишканалар жана кожоюндары
Статком: акча тамак-аштан да салыкка көп кете баштады
Саясат таануучу, Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов

Бактыгулов: шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт

55
Саясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов мыйзам боюнча шайлоо президенттин жарлыгы чыкпаса деле автоматтык түрдө дайындала турганын айтты.
Бактыгулов: шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт

Шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт. Эгерде мыйзамды бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыш легитимсиз болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 4-октябрга чейин эпидемиологиялык абал кандай боло турганы белгисиз.

Күздө өтчү шайлоодо 44 партия ат салышмай болду. Тизме

"Учурда коомчулукта "эмнеге 4-октябрга шайлоо дайындалды" деген кептер айтылып жатат. Шайлоону дайындоо Конституциялык мыйзам менен бекитилген. Анда "Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо Президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 күндөн кеч эмес дайындалат" деп турат. Эмне үчүн 4-октябрь дегенде, мыйзам боюнча эсептеп келгенде ушул датага туш келет. Демек, бул президенттин жеке каалоосу эмес. Баарыбыз бийликти мыйзам чегинде иштешин талап кылып келебиз. Бирок учурда шайлоону жылдыруу керек деп, бийликти мыйзам бузууга түртүп жатабыз. Бул жерде эң негизги маселе легитимдүүлүк. Эгерде мыйзам бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыштын кабыл алган долбоорлору мыйзамсыз болуп, саясий кризиске туш келип калышыбыз ыктымал. Ченемдик укуктук актылардын юридикалык күчү боюнча биринчи Конституция, андан кийин Конституциялык мыйзам, анан кодекс, мындан соң мыйзам, анан барып президенттин жарлыгы", — деди Бактыгулов.

Ошондой эле ал шайлоону жылдыруунун мыйзамдуу жолу "өзгөчө абал" киргизүү, бирок анда шайлоо эпидемиянын экинчи толкунуна туш болуп калышы ыктымал экендигин кошумчалады.

55
Белгилер:
эпидемия, абал, мыйзам, шайлоо, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
БШК: шайлоого кетчү каражат болушунча кыскартылат
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова

Жусупбекова: ЖРТ тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

42
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖРТнын босого баллынан ашкандар 60 пайызга чейин көбөйүп калганын айтты.
Жусупбекова: ЖРТ тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

13-19-июль аралыгында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгат. Ал эми 20-июлдан тарта ЖОЖго онлайн кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖРТ тапшырууга кечигип же кандайдыр бир себептер менен тапшырбай калгандарга дагы мүмкүнчүлүк берилет.

Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп

"Статистика боюнча жылына 40 миңден ашуун абитуриент жалпы республикалык тестирлөөдөн өтөт. Алардын ичинен 110 баллдан көп алгандар окууга тапшыра алышат. Бирок ЖРТнын сертификаты милдеттүү эмес болгон ЖОЖдор бар. Алар искусство жана дене тарбия тармагы. Ошондой эле колледж, орто кесиптик окуу жайларга дагы кереги жок. Учурда ЖРТнын эки туру тең жыйынтыкталды. Анткен менен ага кайсы бир себептер менен катыша албай калгандар 13-июлда жалпы, 14-июлда предметтик тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Булардын саны аз эле болгондуктан Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. 13-19-июль аралыгында ЖРТнын жыйынтыктары белгилүү болуп, ошондон кийин босого баллдан өткөн абитуриенттер ЖОЖго тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Быйыл кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын платформа иштелип чыкты. Учурда бүтүрүүчүлөрдүн баары аралыктан тапшырууга мүмкүнчүлүк алуусу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал колледждерге кабыл алуу 13-июлдан баштала турганын айтып, ал үчүн дагы өзүнчө платформа иштеп жатканын кошумчалады.

42
Белгилер:
ЖРТ, окуу жай, бүтүрүүчү, билим берүү, Надира Жусупбекова
Тема боюнча
ЖРТ тапшыра албай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилди. Жол-жобосу
 Экс-муфтий Кыргызстана и член Совета улемов Чубак ажы Жалилов

Чубак ажынын санаалаштары: медиктерге доомат жок, колунан келгенин жасашты

0
Аалымдын санаалашы Чубак ажы ооруканага келери менен жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, дароо реанимацияга жаткырылганын айткан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Муфтият “дин аалымы Чубак ажы Жалиловду ооруканага кабыл албай койгон жана жасалма дем алдыруучу аппарат жетпей калды” деп социалдык тармактарда айтылып жаткан кеп боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта Чубак ажы ооруп жаткан учурда анын жанында жакын санаалаштары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгону айтылат. 

“Асан ажынын айтуусунда, медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшаган. Тилекке каршы, ал эки тараптуу пневмонияга кабылып өз ажалынан акка моюн сунган”, — деп жазылат маалыматта.

Апасынын жанына коюлду. Чубак ажынын сөөгү жерге берилди. Сүрөт, видео

Ошондой эле ал Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 12:00гө жакын Бишкектеги Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө алып келишкенин билдирген.   

“Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Жасалма дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимацияга алып кирип кетишкен. Дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийиштүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычылыгыбыз жана дооматыбыз жок. Атайын палата дагы даярдалыптыр. Чубак ажы ажалынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”, — деп айткан Асан ажы Сыргабаев.

Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги Чубак ажы Жалиловго эки тараптуу пневмониянын оор түрү деген диагноз коюлганын билдирген. Маркум кант диабети менен да жабыркап келген. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан 11-июлга караган түнү саат 2.50дө көз жумган. Ал эми оорукана кабыл албай койгон деген билдирүү чындыкка дал келбей турганын маалымдаган.

Белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгү кечээ, 11-июлда, кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге берилди

0
Белгилер:
пневмония, доомат, оорукана, муфтият, Чубак ажы Жалилов
Тема:
Чубак ажынын каза болушу