Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбетова: электрондук билет менен коопсуздук маселеси чечилет

© пресс-служба мэрии города БишкекРуководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова
Руководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова Бишкек шаарындагы автобустар ушул жылы электрондук билетке өтүп калышы мүмкүн экенин айтты.
Алмамбетова: электрондук билет менен коопсуздук маселеси чечилет

Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, шаар ичиндеги автобустар электрондук билетке сөзсүз өтөт. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай аракет менен коопсуздук маселеси чечилмекчи.

"Президентибиз бул жылды "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыялады. Санарип — бул электрондук билет. Бишкектеги автобустар сөзсүз электрондук билетке өтөт. Мындай кадам менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздук маселеси да чечилет. Азыр кандай? Кээде жүргүнчү айдоочуга 1 000 сом берип, арт жагына өтүп кетет. Бул учурда маршрутканын айдоочусу 1 000 сомго кайтарым береби, же унаасын айдайбы, же жол эрежелерине көңүл бурабы? Бул өтө маанилүү нерсе. Ошондуктан электрондук билетке өтүү менен көптөгөн көйгөйлөрдөн арылабыз", — деди Алмамбетова.

Ал ошондой эле мыйзамда маршруттук бустар "маршруттук такси" деп көрсөтүлүп калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0