Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: 40 жаштан кийин көздүн көрүүсү начарлап баштайт

© SputnikОфтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова
Офтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун бөлүм башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы офтальмологу жана медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова адам алты ай сайын көз доктуруна кайрылып, текшерүүдөн өтүп турушу керектигин айтты.
Мамытова: 40 жаштан кийин көздүн көрүүсү начарлап баштайт

Көз начар көрө баштаганда өз учурунда көз айнек тагынып калыш керек. Бул тууралуу Бактыгүл Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 40 жаштан кийин адамдын көзү начар көрө башташы мүмкүн.

"Адам баласы 40 жашка чыккандан кийин сөзсүз офтальмологго кайрылып турушу керек. Негизи бардык эле кишилер алты ай сайын көзүн текшерүүдөн өткөрүп турса саламаттыгы үчүн жакшы болмок. 40 жаштан кийин көздүн басымы көтөрүлүп, көрүү начарлай баштайт. Бул убакта нервдер да чарчап, жабыркап калышы мүмкүн. Көзгө күч келтирүү аны кыйнап койгонго барабар. Ошондуктан көп талыктырбай, көз айнек тагынуу сунушталат", — деди офтальмолог.

Мамытова буга чейин чаң менен түтүн көздү кызарта турганын айтып берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0