Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азарбеков: керектөөчүлөрдүн укугу базарларда көп бузулат

© Sputnik / Асель АкматалиеваВедущий специалист Антимонопольного ведомства Аскат Азарбеков
Ведущий специалист Антимонопольного ведомства Аскат Азарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Аскат Азарбеков кардарлардын укугу көп учурда базарларда бузуларын айтты.
Азарбеков: керектөөчүлөрдүн укугу базарларда көп бузулат

Базарларда соода жасалган учурларды аныктаган чек көп учурда берилбейт. Бул тууралуу Аскат Азарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш керектөөчүлөр көп туш болгон көйгөйлөрдүн бири.

"Базарларда кардар болгонуңузду далилдей турган кагазды көп учурда колуңузга карматпайт. Мындай учурда керектөөчү күбөлөрдүн жардамы менен соода кылганын далилдей турган болсо, арызы каралат. Кардар соода кылып жаткан учурда сатуучудан чек сурашы керек. Ошондо гана товар жакпай же туура келбей калган кезде мыйзамдын чегинде кайтарып берсе болот. Эгер чоңураак буюм алгысы келсе, сатып алуу келишимин талап кылуусу шарт", — деди Азарбеков.

Ошондой эле ал керектөөчүлөр аталган кызматтын расмий сайтына кирип, өз укуктары тууралуу маалыматтарга ээ боло аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0