Кыргызстандагы тоо лыжа базаларынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпы 23 тоо лыжасы бар болсо, бүгүнкү күндө алардын 17си гана иштеп келүүдө.
"Кыргызстандагы 23 тоо лыжа базанын көпчүлүгү Советтер Союзунан калган. Ушу тапта 17си гана иштеп, эс алуучуларга кызматын көрсөтүп келүүдө. Басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан. Мындан сырткары, Ысык-Көлдө да бар экени баарыбызга маалым. Ошондой эле Нарын аймагында да жергиликтүү калкка ылайыкташтырылган тоо лыжа базасы ачылды. Жыл санап биздин өлкөнү көрүүгө кызыкдар туристтердин саны өсүүдө", — деди Дамир уулу.
Ал кышкы туризм үчүн Кыргызстанга Россиядан туристтер көп келерин кошумчалады.
Мундиалга катышуу боюнча былтыртан баштап атайын 2020-2030-жылдарга карата стратегиялык пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Мындай пикирин Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маек учурунда айтты.
Анын айтымында, коюлган максатка жетүү үчүн жогорку деңгээлдеги даярдыктан өтүү керек.
"Футбол күйөрмандары үчүн жетишкендиктер гана маанилүү. Алар көшөгө артындагы маселелерди, кыйынчылыктарды биле бербейт. "Жакшы тилек – жарым ырыс" деген бар эмеспи. Үмүт менен жашайт экенбиз. Маселен, аткарыла турчу ишмердүүлүгүбүздүн негизи курама команданы дүйнө чемпионатына чыгаруу. Биздин планыбыз боюнча 2026-жылы же 2030-жылы мундиалга катышалы деп жатабыз. Ал багытта иштелип чыккан стратегиябыз бар. Былтыртан баштап 2020-2030-жылдарга карата стратегиялык пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Максатыбыздын ар бир этабында иштерди аткарып, ири мелдешке баруу боюнча мүмкүнчүлүккө ээ болуу", — деди Букуев.
Ошондой эле адис курама команданын күчтүү болуусу үчүн өспүрүмдөр арасындагы футболго абдан көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Ал эми 2030-жылдагы чемпионаттын өткөрүлүүчү жери аныктала элек.
Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.
"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.
Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Франциялык депутат, миллиардер Оливье Дассо Нормандиядагы (өлкөнүн түндүгү) авиакырсыктан набыт болду. Бул тууралуу Europe 1 радиостанциясы жазды.
Маалыматка караганда, Тук коммунасында тик учак кыйрап, анын кесепетинен учкуч дагы каза болгон. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Twitter аркылуу көңүл айтты.
"Оливье Дассо Францияны жакшы көрчү. Ири ишкер, тандалган депутат, Аскер-аба күчтөрүнүн запастагы кол башчысы. Ал биздин өлкөгө өмүрүнүн аягына чейин кызмат кылды", — деп жазган Макрон.
"Республикачылар" партиясынын өкүлү 69 жашында көз жумду. Анын атасы Серж Дассо дагы миллиардер, белгилүү ишкер жана саясатчы болгон.