Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исмаилова: инсультка кабылбаш үчүн төрт эрежени сакташ керек

© Sputnik / Табылды КадырбековИнсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова. Архив
Инсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова аты аталган оорунун алдын алуу жолдорун айтып берди.
Исмаилова: инсультка кабылбаш үчүн төрт эрежени сакташ керек

Инсультка кабылбаш үчүн адам негизги төрт эрежени сакташ керек. Бул тууралуу Азиза Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туура тамактануу жана көп кыймылдоо инсульттун алдын алуу жолу болуп саналат.

"Инсульт оорусуна чалдыкпаш үчүн атайын эрежелерди сактоого тийишпиз. Алардын биринчиси адам 45 жаштан кийин сөзсүз текшерүүдөн өтүп, аталган дарттын белгилери бар же жок экенин билиши керек. Экинчиден, кан басымды маал-маалы менен текшерип туруу зарыл. Нормалдуу кан басым 120/80ди түзөт. Эгер 130/90 болсо сөзсүз дары ичип, дарылануу сунушталат. Үчүнчүдөн, туура тамактануу, пайдалуу азыктарды нормасы менен жеп туруу бул оорунун алдын алышы мүмкүн. Төртүнчү эреже — көп кыймылдоо. Адам көп кыймылдаса кан жакшы жүгүрүп, бир гана инсульт оорусун эмес, көптөгөн дарттардын алдын алат", — деди Исмаилова.

Ал инсульт мээге кислород жетпей калгандан пайда болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0