Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орозеков: курман болгон балдарды эстеп көзүмө жаш алам

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Ат-Башы району боюнча төрагасы Багдад Орозеков
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Ат-Башы району боюнча төрагасы Багдад Орозеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин Ат-Башы району боюнча төрагасы Багдад Орозеков согушкерлердин алгачкы кол салуусунда 23 кыргыз жоокери курман болгонун айтты.
Орозеков: курман болгон балдарды эстеп көзүмө жаш алам

Кой-Таш аскердик бөлүгүнөн чакырылган жоокерлердин блокпостуна 2000-жылдын 11-августунда кол салуу болду, баш-аягы кагылышуу 3-4 суткага созулган. Бул тууралуу Багдад Орозеков Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кийин абадан сокку урулгандан кийин гана көп жоокерлердин өмүрү сакталып калган.

"Биздин Кой-Таш аскер бөлүгүнөн чакырылган жоокерлердин блокпостуна алгачкы кол салуу болгондо 3-4 сутка атыштык. Кийин гана колдоого "Скорпион" атайын даярдыктагы аскерлер менен абадан коргонуу күчтөрү келгенде аман калдык. 23 жоокер ошондо курман болуп кетти. 13ү — жоокер жана 10у — офицердик курамдагы азаматтар эле. Согушкерлерден экөөсүн туткунга түшүргөнүбүз эсимде. Бирөөсү тажик, экинчиси башкыр улутунда экен. Курман болгон кыргыз жоокерлери мыкты, жогорку билимдүү эр-азаматтар эле. Кээде кайсы бир иш-чарага барып калганымда ошол балдар жаныбызда болсо кана деп көзүмө жаш алып, ыйлагым келет", — деди Орозеков.

Ошондой эле ал жыл сайын Кой-Таш аскер бөлүгүндө Баткен согушунда 2000-жылдын 11-августунда курман болгон жоокерлердин элесине арналып куран түшүрүлүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0