Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Салымбеков: калыстын адилетсиздик кыларын күткөнбүз

Жазылуу
Коомдук ишмер Аскар Салымбеков футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын БАЭ менен беттеши спорт адистеринин жана күйөрмандардын шектенүүсүн жараткандыгын айтты.
Салымбеков: кытайлык калыстын адилетсиздик кыларын күткөнбүз

Кыргызстан Азиянын 47 өлкөсүнүн ичинен эң мыкты 16 команданын катарына кирип, финалдык бөлүктүн биринчи этабында арбитрдин адилетсиздик калыстыгынан улам кийинки оюндардан четтетилип калды. Бул тууралуу Аскар Салымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, арбитрдин калыссыздыгын жеке мүнөздө карап, аны бүтүндөй бир өлкөгө багыттабаш керек.

"Кыргызстан Азия континентиндеги 47 өлкөнүн ичинен Азия кубогуна катышуу үчүн мүмкүнчүлүк алган 24 өлкөнүн катарына кирди. Андан кийин 16 мыкты команданын сабында болду. Финалдык беттеште калыстын адилетсиз тейлөөсүнөн улам биздин курама Азия кубогунан четтеп калды. Албетте, Араб эмирлиги өз тааласында ойноп жаткан бай өлкө. Уят болбойлу деп алдын ала чара көргөн чыгар деп ойлойм. Беттешке чейин эле футбол адистери дагы, күйөрмандар дагы оюн Кыргызстан үчүн оңой болбой тургандыгын белгилеп жатышты. Эгерде адилеттүү калыс болгондо оюн 11 кадамдык беттешке жетип бармак. Ал жерден утабыз деп тургам. Балким танапис учурунда атаандаштарыбыз кытайлык калыс менен жакшы сүйлөшкөн чыгар, айтор, биздин дарбазага адилетсиз пенальти белгиленип калды", — деди Салымбеков.

Ошондой эле ал алдыда Кыргызстан курама командасынын 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алуу аракети күч болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0