Нападающий сборной Кыргызстана по футболу и ФК Сомаспор Мирлан Мурзаев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан

Мурзаев: кулап баратып да көзүм топто болду

(жаңыланган 19:13 27.01.2019)
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев Азия кубогунда чабуулчу болууну ал өзү тандагандыгын айтты.
Мурзаев: кулап баратып да көзүм топто болду

Футбол боюнча Азия кубогунда бизди насаатчыбыз белгилүү бир позицияга бекиткен жок. Өзүбүз ким болуп ойношту тандап алдык. Бул тууралуу Мирлан Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү чабуулчу да, коргоочу да болуп ойной алмак.

"Азия кубогунда биз эркин тактика менен ойнодук. Машыктыруучубуз бизди сен чабуулчу бол, сен коргоочу деп белгилеген жок. Өзүбүздүн каалообуз, пикирибизди угуп, жалпы командалык чечим менен бөлүштүрүп жатты. Биз эч нерсеге көңүл бурганыбыз жок. Баарыбыз "ким гол киргизсе да, Кыргызстан жеңсин" деп турдук. Биримдикте, ынтымакта, мекенибизди көтөрүүгө болгон чоң каалоо менен ойноп жаттык. Мен өзгөчө ушул оюнда голго суусап турдум. Азия кубогунда дарбазага топ киргизбей мекениме кайтпасам экен деп тиленип жүрдүм. Гол киргизгенимде башкача бир сезимдер болду, аны сөз менен жеткире албайм. Жыгылып баратып да топту карап турдум", — деди Мурзаев.

Футболчу кыргыз футболунун келечеги кең экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, КР командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чейин жетти. Плей-оффто БАЭ командасына 2:3 эсеби менен утулганына карабастан кыргызстандык футболчулар мыкты оюн көрсөткөн. Командага Кыргызстан гана эмес, башка мамлекеттер да жан тарткан

Белгилер:
гол, каалоо, мекен, Азия кубогу, Мирлан Мурзаев
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Салымбеков: калыстын адилетсиздик кыларын күткөнбүз
Жээнбеков футболчуларга сыйлык тапшырып, ыраазылыгын айтты
Футбол мыктылары президент Жээнбековдон кандай сыйлык алышты. Тизме
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

(жаңыланган 11:19 23.04.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров алимент төлөө кандайча аныктала турганын айтып берди.

Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.

"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.

Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Белгилер:
ата-эне, алименты, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши
Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды

Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болду. Сүрөт

Сөөк дарыгери академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда эле шайланганын, бирок пандемиядан улам дипломун ала албай жүргөнүн билдирди.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты дарыгер өзү тастыктады.

Анын айтымында, академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда шайланып, 2020-жылы салтанаттуу иш-чарага катышып дипломун алмак. Бирок пандемияга байланыштуу эми гана учуру келип жатканын билдирди.

"Азыр Москвада жүрөм. Дипломду атайын салтанаттуу түрдө тапшырууга чакырышкан. Бир жарым жыл мурун жабык добуш берүү аркылуу шайланып, сессияларына катышып келдим", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле иш-чарага РФтин Илимдер академиясынын дагы бир чет элдик мүчөсү болгон Аскар Акаев да катышып, куттуктап кеткенин кошумчалады.

Жумабеков Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси. Медицина илимдеринин доктору, академик, бир катар сыйлык менен наамдардын ээси.

Белгилер:
ортопедия, мүчө, Улуттук илимдер академиясы, Сабырбек Жумабеков, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Сабырбек Жумабеков эл аралык сынакта "Жылдын мыкты окумуштуусу" аталды