Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумалиев: борбор калаадагы 4600 шам чырак калыбына келтирилди

© Sputnik / Асель Акматалиева"Бишкексвет" ишканасынын жетекчиси Жумамүдүн Жумалиев
Бишкексвет ишканасынын жетекчиси Жумамүдүн Жумалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкексвет" ишканасынын жетекчиси Жумамүдүн Жумалиев 2018-жылы аткарылбай калган иштер 2019-жылы жасаларын айтты.
Жумалиев: борбор калаадагы 4600 шам чырак калыбына келтирилди

2018-жылы Бишкек шаары боюнча 4600 шам чырак калыбына келтирилди. Бул тууралуу Жумамүдүн Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы "А" категориясындагы жолдордун дээрлик бардыгы жарык менен камсыздалган.

"Бишкек шаарында жолдор кенендигине, абалына жараша категорияларга бөлүнөт. "А" категориясына кирген жолдордун дээрлик баары жарык менен камсыз болгон. Өткөн жылы 4600 шам чыракты калыбына келтирдик. Майрам сайын шаар жасалгасынын жарык менен камсыздалышын да биз карайбыз. Азыркы кезде шаардыктар эс алган парктарды толук жарыктандыруунун үстүндө иштеп жатабыз", — деди Жумалиев.

Ал Бишкек шаары боюнча чоң жолдордун 96 пайызы жарык менен камсыз болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0