Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: компьютерде отурганда 20 мүнөт сайын көздү эс алдырыш керек

© SputnikУлуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун бөлүм башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы офтальмологу жана медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова. Архив
Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун бөлүм башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы офтальмологу жана медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун бөлүм башчысы, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы офтальмологу жана медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова жашыл түстөгү азыктардын баары көзгө пайдалуу экенин айтты.
Мамытова: компьютерде отурганда 20 мүнөт сайын көздү эс алдырыш керек

Компьютер же планшетти карап отурган учурда ар 20 мүнөт сайын көздү эс алдырып туруш керек. Бул тууралуу Бактыгүл Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай аракет көз ооруларын алдын алат.

"Компьютер, планшет, телефондорду такай карап олтура берүү көз ооруларын пайда кылат. Андыктан, ар 20 мүнөт сайын көздү эс алдырып, ооруну алдын алса болот. Бир саамга башка жерди карап, же ашканага барып сок ичип көздү сергиткенди сунуштап келебиз. Негизи көзгө жага турган азыктарды көп жеш керек. Мисалы, жумуртка, сабиз, ашкабак, курма, балыктын көзгө пайдасы көп. Бир кап сабиз алып, аны тынбай сок кылып, тамакка кошуп, өзүн кайнатып бир ай бою тынбай жеп койсо, бир жыл көз рахматын айтат", — деди офтальмолог.

Мамытова 40 жаштан кийин көздүн көрүүсү начарлап баштай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0