Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маматов: жаңы таштанды полигону 2020-жылдан тарта иштейт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов
Бишкек шаардык санитардык полигон муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов Бишкекте ушул жылдын май айында жаңы таштанды таштоочу талаанын курулушу баштала тургандыгын маалымдады.
Маматов: жаңы таштанды полигону 2020-жылдан тарта иштейт

Курулуш иштери бир жылга созулуп, 2020-жылдын жай мезгилинде колдонууга берилет. Бул тууралуу Адилет Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 22 миллион евро жумшалат.

"2016-жылы жаңы полигонду куруу боюнча алгачкы кадамдар башталган. Ошол эле жылы Эстониялык компания менен келишим түзүлгөн. Эми май айында курулуш иштери башталат. Ал бир жылга созулуп, 2020-жылдын жай мезгилинде жаңы таштанды таштоочу талаа ишке берилип калышы керек. Долбоор Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен Евробиримдиги тарабынан каржыланып жатат. Жалпы сумма 22 миллион еврону түзөт. 11 миллиону насыя жана 11 миллиону грант иретинде. Бул долбоорду ишке ашырууда эч кандай коррупция болбойт. Себеби каражатты банк долбоорду ишке ашыра турган компаниянын эсебине түз салат", — деди Маматов.

Ошондой эле ал жаңы курула турган полигондун жалпы аянты 27 гектар жерди ээлей тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0