Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азарбеков: эми Монополияны жөнгө салуу агенттиги айып пул сала албайт

© Sputnik / Асель АкматалиеваВедущий специалист Антимонопольного ведомства Аскат Азарбеков
Ведущий специалист Антимонопольного ведомства Аскат Азарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Аскат Азарбеков жаңы кодекстерге ылайык, аталган мекеме керектөөчүлөрдүн укугу бузулган учурда айып пул сала албастыгын айтты.
Азарбеков: эми Монополияны жөнгө салуу агенттиги айып пул сала албайт

2018-жылы жалпысынан 358 кайрылуу келип түштү. Анын 204үндө мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Бул тууралуу Аскат Азарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы келип түшкөн арыздардын негизинде кардарларга 1 миллион 200 миң сом кайтарылып берилген.

"Мурда керектөөчүлөрдүн укугу бузулган учурда Монополияны жөнгө салуу агенттиги өз алдынча иш жүргүзүп, экинчи тарапка айып пул салып, өндүрүп берчү. Буга товарларды сертификациялоо, анын курамын камтыган маалыматтарды кардарларга туура, так жеткирилишин көзөмөлдөө сыяктуу иштер кирчү. Былтыр эле мындай иш-аракеттердин жыйынтыгында кайрылгандарга 1 миллион сомдон ашуун каражатты кайтарып бергенбиз. Жаңы мыйзамдарда бул функциялар өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясына карап калды", — деди Азарбеков.

Ал аталган агенттик учурда товарлардын туура таңгакталуусун гана көзөмөлгө ала аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0