Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанходжаев: жакынкы күндөрү аба ырайы бузулат

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев суук көпкө узабай турганын айтты.
Асанходжаев: жакынкы күндөрү аба ырайы бузулат

Февраль айынын алгачкы күндөрү аба ырайы өзгөрүп, күн суук болот. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суук түшкөн учурда күндүз абанын температурасы 0 градустун тегерегинде болот.

"31-январь, 1-2-февраль күндөрү аба ырайынын суук болушу күтүлүүдө. Күндүзгү температура 0 градустун тегерегинде болсо, түнкүсүн -8...-10 градуска чейин жетиши мүмкүн. Мындай аба ырайы көпкө созулбайт. Кайра эле 3-4-февралдан баштап күн жылый баштайт. Андай деле катуу суук күтүлбөйт", — деди ал.

Асанходжаев ал март айы боюнча аба ырайын айтуу азыр эртерээк экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0