Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков. Архив

Жолочубеков: ар бир ата-эне баласын телефон аркылуу көзөмөлдөсө болот

1263
(жаңыланган 14:58 30.01.2019)
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков ата-эне балдарынын телефондон эмне деп сүйлөшкөнүнө чейин билип алса боло турганын айтты.
Жолочубеков: ар бир ата-эне баласын телефон аркылуу көзөмөлдөсө болот

Ар бир ата-эне баласынын смартфонуна "Ата-эненин көзөмөлү" деген программаны орнотуп койсо болот. Бул тууралуу Нурсултан Жолочубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тиркеме аркылуу баланы көзөмөлгө алууга шарт түзүлмөкчү.

"Баласынын смартфонуна ар бир ата-эне "Ата-эненин көзөмөлү" деген программаны орнотуп, баласынын ар бир кадамынан кабардар болсо болот. Ал тиркеме баланын кай жерде жүргөнүн, телефондон ким менен эмне деп сүйлөшкөнүн, кимден чалуу жана билдирүүлөр келип жаткандыгын көрсөтүп турат. Бардык чалууларды кийин кайра укса болот. Жада калса, камераны жандырып коюп, кайсы жакка кимдер менен барып жатканын да көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди Жолочубеков.

Ал, мындан сырткары, ата-эне баласынын смартфонуна кандай тиркемелерди жүктөп, колдонуп жатканын билип жана бала колдонбосун деген программаларды блоктоп койсо да болорун кошумчалады.

1263
Белгилер:
коопсуздук, балдар, интернет
Тема боюнча
Мамбетакунов: соцтармак колдонгон окуучулар 5 эрежени билиши шарт
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: босогону "астана" деп колдонууга болот

171
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосун жайылтуу жаш баладан бийлик өкүлдөрүнө чейин милдет болушу зарылдыгын белгиледи.
Талантбеков: босогону "астана" деп колдонууга болот

"Астана" деген сөздү босого, кире бериш деген мааниде колдонсок болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, учурда көптөр "астана" деген сөздү мурдагы Акмола, учурдагы Нур-Султан шаарынын буга чейинки аталышы менен байланыштырышат.

"Манаста" астана тууралуу көп айтылат. Бул сөздү азыр өзүнүн маанисинен мурда көбүнчө учурдагы Нур-Султан шаарынын мурдагы аталышы катары кабылдайбыз. Себеби күнүмдүк турмушта бул аталышты көп кездештиребиз. Чынында Манаста "астана" босого, кире бериш деген маанини берип, калаа катары дагы айтылган жери бар. Маселен Сары-Аркадагы казактардын окуясында Манас баш болгон кыргыз бектери Ала-Тоону душмандардан бошотуп жүргөндө казактардын Көкчөсү кытай, калмактар менен кармашканы баяндалган. Ошол жерде шаардын босогосу, тоонун жылгасынын, капчыгайдын оозу, кире бериши катары астана деп колдонулат", — деди Талантбеков.

Манасчы эпосту ээлеп, менчиктеп албастан аны жайылтууда боордош элдерди дагы аралаштыруу туура деген пикирин кошумчалады.

171
Белгилер:
тил, Манас эпосу, сөз, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев

Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет

26
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев аталган багыт боюнча мыйзам долбоорлору анализге алынып, доклад даярдалгандыгын билдирди.
Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет

Жогорку Кеңештин негизги эки функциясы бар — мыйзам чыгаруу жана ал мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө. Тилекке каршы, биздин парламент экинчи милдетин так аткара албай келет. Мындай пикирин Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.

Анын билдиришинче, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аталган тармакка тиешелүү мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын анализдеп, даяр болгон докладды Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Документте 2015-2019-жылдар аралыгы камтылган.

"Жогорку Кеңештин негизги эки функциясы бар — мыйзам чыгаруу жана иштеп жаткан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу. Тилекке каршы, парламент экинчи милдетин так аткарбай келет. Буга каражаттан тарта башка да көптөгөн себептер бар. Андыктан кабыл алынып жаткан мыйзамдардын кандай иштеп же иштебей жаткандыгы боюнча маалыматтар шайлоочулардын же ошол бир аймактын айыл өкмөт, мэринин деңгээлинде гана депутаттарга жетип жатат. Мындан натыйжалуу жыйынтык чыкпайт. Ал эми биздин докладда, изилденип жыйынтыгы так көрсөтүлгөн маалыматтар, так сандар айтылган. Мисалы, төрт жыл аралыгында эле 34 айылдык, шаардык кеңеш тарап кеткен. Алардын 29у айыл өкмөтүн же мэрди шайлай албагандыгынан өзүн-өзү таратууга мажбур болгон", — деди Орозбаев.

Ал мындай докладдар өзгөчө мандатты жаңы алган эл өкүлдөрү үчүн даяр материал болуп берерин кошумчалады.

26
Белгилер:
көзөмөл, мыйзам, башкаруу, жергиликтүү эл
Тема боюнча
Артка кетти. 2021-жылга Республикалык бюджеттин долбоору сунушталды
Көчөдө бараткан адамдар. Архив

COVID-19га кабылган эркекте кийин төшөк маселесинде көйгөй жаралышы мүмкүн

0
Адистин айтымында, коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эркектин тукум улоо органдарындагы ACE2 деп аталган рецепторлор организмге коронавирустун кирип кетишине көбүрөөк себепкер болот. Мындан улам COVID-19дан сакайгандан кийин эркектердин жыныстык жашоосунда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде эндокринолог Зухра Павлова билдирди.

"Коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратары байкалууда. Бир нече иликтөөлөрдүн жыйынтыгын карап көрсөк, коронавирустан айыккан соң эркектерде тестостерон гормонунун бөлүнүшүндө көйгөйлөр жаралат экен. Мындан улам алардын тукум улоо функцияларында түйшүк жаралышы ыктымал", — деди дарыгер.

Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Бул гормон жетиштүү кезде эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

Ошондой эле тестостерон акыркы изилдөөлөр боюнча вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө маанилүү роль ойнойт. Анын деңгээлинин төмөн болушу респиратордук инфекция, сасык тумоо, сезгенүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана кан басымдын көтөрүлүшүнөн улам өлүм коркунучу жогорулашы мүмкүн экени айтылып келет.

0
Белгилер:
кесепет, коронавирус, эркек, тестостерон
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус эркектин сексуалдык каалоосун жок кылат. Жаңы изилдөө
Адис: коронавирус сасык тумоо менен грипптин катарына кошулуп келе жатат