Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: "Ачык асман" мыйзамы жок деле иш жүрүп жаткан

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамында кабыл алынган "Ачык асман" долбооруна чейин эле бул мыйзамда көрсөтүлгөн иштер жүрүп келгендигин айтты.
Сыдыков: "Ачык асман" мыйзамы жок деле иш жүрүп жаткан

Мыйзамдын концепциясынын өзү жакшы, бирок аны мезгилден эрте кабыл алып койдук. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Ачык асман" мыйзамы кабыл алынганга чейин эле эл аралык каттамдар, мыйзамда көрсөтүлгөндөй иштеп жаткан. Стамбул — Бишкек — Улан-Батор каттамы буга мисал.

"Мыйзамдын максаты жакшы, бирок биздин авиациянын абалын эске алсак, убактысынан эртерээк кабыл алынып калды. Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин өзүнүн иштеп жаткан мыйзам долбоору бар болчу. Ал бул багыттагы эксперттер менен биргеликте иштелип чыккан. Ошол мыйзам долбоорунда жергиликтүү авиакомпанияларды коргоо, тобокелчиликтерди азайтуу көбүрөөк каралган эле. Ишти жөнгө салып кетүү үчүн ошол эски долбоор менен эле иштеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен чет элдик авиакомпанияларды тартсак жакшы болмок. Эми "Ачык асман" мыйзамын башка мамлекеттерге сунуштасак, алар биринчи эле кезекте аэропорттордун эл аралык талаптарга жооп берерине кызыгат", — деди Сыдыков.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда авиабилеттердин баасы арзандайбы? Адистердин жообу
Ал бул тажрыйба айрым чет мамлекеттерде алгач бир аэропортко, андан соң башкаларына киргизүү менен ишке ашарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-январында президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда "Ачык асман" долбоорунун алкагында бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0