Бишкек шаардык санитардык полигон муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов

Маматов: эски таштанды талаасы жашыл аймакка айланат

157
(жаңыланган 15:35 05.02.2019)
"Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов калаанын эски таштанды талаасынын топурагын калыбына келтирүү иштери аяктаган соң ал жерге сейил бак түптөлөрүн маалымдады.

Рекультивация же топуракты калыбына келтирүү иштери 2020-жылы аяктайт. Бул тууралуу Адилет Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жакын арада таштанды талаасында топтолгон уулуу газдарды жыйноочу түтүкчөлөр орнотулат.

"2020-жылы эски таштанды полигонундагы топуракты калыбына келтирүү иштери аяктайт. Ага чейин таштандыдан бөлүнүп чыккан уулуу газдарды жыйноо үчүн атайын түтүкчөлөрдү орнотобуз. Ошондо гана топурактын үстүнкү катмарына дарактар отургузулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Буюрса, келерки жылдын күз айларында ал жерде сейил багы пайда болуп калат деген үмүт бар", — деди Маматов.

Ал ошондой эле жаңы таштанды талаасын куруу долбоорунун алкагында 400 миң еврого таштандыны престөөчү техника алгандыктарын кошумчалады.

157
Белгилер:
техника, таштанды, Адилет Маматов
Тема боюнча
Коомчулуктун пикиринен кийин түкүрүк боюнча айып пул азаймай болду