Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанходжаев: Кыргызстандын сууларын иликтөөнү жакшыртабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель Агентства по Гидрометеорологии при МЧС КР Рыскелди Асанходжаев
Заместитель Агентства по Гидрометеорологии при МЧС КР Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев аталган мекемеге мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын 80 пайызы айлык акыга жумшаларын айтты.
Асанходжаев: Кыргызстандын сууларын иликтөөнү жакшыртабыз

Модернизациялоо иштери Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмунун жана донорлордун жардамы менен ишке ашат. 2019-жылы Дүйнөлүк банктан бөлүнчү 5 миллион доллар өлкөнүн гидрология тармагын иликтөөгө сарпталат. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын жарымы гранттык негизде, калганы насыяга берилет.

"Биз мамлекеттик мекеме болгондуктан өлкө казынасынан бөлүнгөн каражаттын 80 пайызы эле айлык акыга коротулат. Модернизациялоо жумуштарын донорлордун жардамы аркылуу ишке ашырабыз. Буга чейин бөлүнгөн 6 миллион доллар каражат аба ырайын изилдөөдө керектелчү техникалык каражаттарга жумшалды. Эми мөңгүлөрдөн баштап агынды сууларга чейин изилдөө жүргүзөлү деп турабыз. Бул багытка да Дүйнөлүк банк 5 миллион доллар каражат бөлөт", — деди Асанходжаев.

Ал борбор калаа баш болгон ири шаарлардагы пайда болуп жаткан кара түтүндү жок кылуу максатында да каражат издеп жатышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0