Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекманбетов: мындан ары цирктин каржы иштери ачык жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор Кыргызского государственного цирка Фархад Бекманбетов
Генеральный директор Кыргызского государственного цирка Фархад Бекманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов мекеменин чарбалык маселелеринде көйгөйлөр көп экендигин айтты.

 

Бекманбетов: мындан ары цирктин каржы иштери ачык жүргүзүлөт

Циркке жетекчи болуп дайындаларым менен маданият, маалымат жана туризм министринин алгачкы талабы каржы иштерин ачык жүргүзүү болду. Бул тууралуу Фархад Бекманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ эфиринде маек куруп жатып билдирди.

 

Анын айтымында, курч көйгөйлөрдүн бири цирктин айланасын иретке келтирүү болуп саналат.

"Кыргыз циркине жетекчи болуп дайындалып жатканда тиешелүү министрлик үч негизги талапты койду. Алардын биринчиси — каржы маселелерин ачык жүргүзүү. Ошондой эле имараттын айлана-тегерегин иретке келтирүү жана цирктин өзүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү. Мен 20 жыл бою кино тармагында иштеген тажрыйбама таянып айта алам, бул чечилчү маселелер. Мамлекет бөлгөн каражатты туура пайдалануу менен цирктин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, министрлик койгон талаптарды ишке ашырабыз деген ойдомун", — деди Бекманбетов.

Ал цирк кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү да негизги маселелердин бири экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0