Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Назгүл Чолумова

Чолумова: 111ге чалган балдар көбүнчө жалгызсырарын айтышат

379
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Назгүл Чолумова балдардын зомбулугунун алдын алуу максатында 111 номериндеги ишеним телефону иштерин айтты.

111 ишеним номерине чалган балдар көп учурда ата-энеси бар туруп, өздөрүн жалгыз сезерин айтышат. Бул тууралуу Назгүл Чолумова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишеним телефону бардык мектептерде жазылып турат, ал эми уюлдук телефондон чалганда бирдик коробойт.

"Балдарды зомбулуктан коргоо максатында 111 кыска номери аркылуу тейленүүчү ишеним телефону ачылган. Анда психологдор социалдык кызматкерлер менен биргеликте чалууларга жооп беришет. Ишеним телефон тууралуу маалымат бардык билим берүү мекемелеринде жазылып турат. Ал жерге көбүнчө ата-энелерден коңгуроо келип түшөт. Алар баласынын үйдөн чыгып кеткенин же психологиялык башка жардамдар керек болуп жатканын айтышат. Ал эми телефон чалган өспүрүмдөр ата-энеси бар туруп өздөрүн жалгыз сезерин, алардын мээрими жетишпей жаткандыгын, ата-эне баласын түшүнбөй жатканын же көңүл бурбай жатканын айтып арызданышат. Ал тургай өздөрүн өлтүрүүгө даярданып жатып ишеним телефондоруна чалган өспүрүмдөр бар. Мындай бир учур катталган. Ишеним телефон аркылуу байланышкан баланы психологдор алаксытканча, социалдык кызматкерлер жерине барып куткарып калышкан", — деди Чолумова.

Адис ата-энелерди балдары менен жакын болууга, сырдашууга, көбүрөк маектешүүгө чакырып өттү.

379
Белгилер:
ата-эне, телефон, ишеним, балдар
Тема боюнча
Ошто улгайган кишиге кол көтөргөн балдардын ким экени аныкталды. Видео