Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Инженер: Кыргызстанда электр энергиясы менен жүргөн автобус чыгарабыз

Жазылуу
Инженер Бакыт Курманкожоев кыргыз инженерлеринен турган топ электр энергиясы менен жүрө турган автобус жасап жаткандыгын айтты.
Инженер: Кыргызстанда электр энергиясы менен жүргөн автобус чыгарабыз

Биз алгач бир автобусту жасап, өкмөткө сунуштайбыз. Эгер кабыл алынса, электр энергиясы менен жүрө турган автобустарды чыгаруучу чакан завод курууга даярбыз. Бул тууралуу Бакыт Курманкожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алгачкы автобус ушул жылдын жай айларында даяр болот.

"Биздин автобустардын 90 пайызын өзүбүз жасайбыз. Электр энергиясы менен жүргөндүктөн батарейкаларын гана сатып алабыз. Ал эми сырткы конструкциясынан тартып кыймылдаткычына чейин Кыргызстанда жасалат. Биздин фирма алгач Кара-Балта шаарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, түрдүү станокторду жасап келчү. Атамекендик унаа чыгаруу -негизги кыялдарыбыздын бири эле. Аны ишке ашыруу үчүн тетик көп кетпегендиктен алгач автобус жасап көрүүнү чечтик. Ушул жылдын жай айларында алгачкы автобусту жасап, элге көрсөтөлү деп турабыз. Мындай автобустарды шаар ичинде эл ташуу каттамдарына койсо болот. Эмгегибизди өкмөткө сунуштап көрөбүз", — деди Курманкожоев.

Инженер өкмөт тарабынан сунуш жактырылса автобус чыгаруучу чакан заводдорду курса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0