Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова

Шамырканова: жаштарга болгон ишенимди жогорулатыш керек

146
Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова коомдогу көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын пикири эске алынышы керектигин айтты.

Жаштардын жоопкерчилигин жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу керек. Бул тууралуу Нурайым Шамырканова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштарга бир гана спорттук иш-чараларды өткөрүп берип коюу жетишсиз.

"Биз ушу тапта аймактарда жана борбордо мэйкатон уюштуруп жатабыз. Жаштар спорттук иш-чараларды өткөрүп коюу менен чектелбеш керек. Аларды терең ойлонууга, аналитикалык ой жүгүртүүгө үйрөтүшүбүз абзел. Аймактарда өткөрүп жаткан мэйкатондордун максаты — жаштардын өзүнө болгон жана аларга болгон ишенимди жогорулатуу. Коомдо жаралган ар түрлүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштай тургандар — дал ушул жаштар. Алар чечүү жолдорун табуу күчүнө ээ. Ошондуктан жаштарга спорттук же көңүл ачуучу иш-чараларды уюштуруп берүү аздык кылат", — деди ал.

Мэйкатон — бул социалдык маанилүү долбоорлорду иштеп чыгуучулардын форуму. Ал жерде жаштар 48 сааттын аралыгында өз коомчулуктарындагы актуалдуу маселелерди чечүү жолун табат.

Шамырканова аналитикалык ой жүгүртүүгө дебат жардамга келерин кошумчалады.

146
Белгилер:
ишеним, аналитика, жаштар
Тема боюнча
Калмурзаева: айыл жаштары көйгөй чечүүнүн жолун табууда