Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Онколог: калы, меңи бар адамдар онкологго көрүнүп коюшу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков
Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология жана гемотология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков чач тарач, косметологдорду мең, калы бар адамдар менен иштөөдө этият болууга үйрөтүү керектигин билдирди.
Онколог: калы, меңи бар адамдар онкологго көрүнүп коюшу керек

Меңи жана калы бар адамдар онкологго көрүнүп койгону жакшы. Анткени мындай адамдарда күнгө туура эмес кактануунун натыйжасында мең, кал, папилломалары аркылуу рак илдетине чалдыгып калуу коркунучу бар. Бул тууралуу дарыгер Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Тилековдун айтымында, чач тарач, косметологдорду меңи, калы бар адамдар менен иштөөдө кардардын денесинин ошол бөлүгүнө аяр мамиле жасоого үйрөтүү — мезгил талабы.

"Кыргызстан ультракөгүш нурлар күчтүү тийген аймакка кирет. Мындай жерде күнгө кактануунун ден соолукка пайдасына караганда зыяны көп. Өзгөчө денесинде кал, мең, папилломасы бар адамдар күнгө кактанбай эле койгону оң. Себеби аларда залалдуу шишикке чалдыгуу коркунучу жогору болот. Денеден чыгып турганын мең дейбиз. Мындай меңи бар адамдар туура убакытта гана күнгө кактанышса. Ошондой эле чач тарач, косметолог сыяктуу кесип ээлерин дагы денесинде мең, папиллома, калы бар кардарлар менен иштөөдө этият болууга үйрөтүү керек", — деди Тилеков.

Ошондой эле ал меңи же калы бар адамдарды сөзсүз түрдө онкологдун текшерүүсүнөн өтүп коюуга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0