Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбаев: Бишкектеги 260 лифтини тез арада алмаштыруу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкеклифт" муниципалдык ишканасынын башчысы Тилек Жээнбаев
Бишкеклифт муниципалдык ишканасынын башчысы Тилек Жээнбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкеклифт" муниципалдык ишканасынын башчысы Тилек Жээнбаев жыл сайын 50-60 лифтинин эскилиги жетип, алмаштыруу убактысы келерин айтты.
Жээнбаев: Бишкектеги 260 лифтини тез арада алмаштыруу керек

Бишкекте жалпысынан 260 лифт кооптуу абалда иштеп жатат. Бул тууралуу Тилек Жээнбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта 260 лифт тезинен алмаштырылышы керек.

"Бүгүнкү күндө биздин ишканага караган 260 лифтинин эскилиги жетип, жаңылоо убактысы келип калды. Ошондуктан ыкчам түрдө алмаштырыш керек. Ага азырынча жетиштүү каражат жок. Бир жылдын ичинде анын баарын жаңылоого жетишпейбиз. Анын баарын оңдоого болжол менен 7 жыл кетет", — деди Жээнбаев.

Ал 2019-жылы "Бишкеклифт" муниципалдык ишканасына 25 миллион сом каражат каралып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0