Бишкексууканал муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев

Сейдалиев: 60 метр тереңдикке чейинки жер астындагы сууну ичүүгө болбойт

819
(жаңыланган 23:47 09.02.2019)
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев Бишкек шаарынын тургундары үчүн суу жер алдынан 100 метрден кем эмес тереңдиктен алынарын маалымдады.

Сууну 30-60 метр тереңдиктен деле чыгарса болот. Бирок анын сапаты төмөн, курамы талапка жооп бербей калат. Бул тууралуу Мурадин Сейдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тургундар ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга өтүшү керек.

"Сууну биз 180-250 метр тереңдиктен алабыз. Негизи шаардын ар кайсыл аймагында суу ар түрдүү тереңдиктен чыгат. 30 метрден деле чыгарса болот. Бирок 60 метрге чейинки тереңдиктен алынган суунун сапаты начар, курамында ар кандай кооптуу заттар болушу мүмкүн. Сууну сарамжалдуу пайдаланууга үйрөнүшүбүз керек. Жай мезгилинде айрым тургундар ичкен сууну бакчадагы өсүмдүктөргө жайып жиберишет. Бул учурда көп жоготуу катталып, калаанын башка аймактарына суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Суу эсептегичтерди бардык абоненттерге орнотуу керек", — деди Сейдалиев.

Ошондой эле ал учурда суунун баасы калк үчүн бир куб (1000 литр) метри 5,38 тыйын экендигин кошумчалады.

819