Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: салык терминдерин камтыган орусча-кыргызча сөздүк чыкты

© Sputnik / Асель АкматалиеваМамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков сөздүк чыгаруу идеясы үч жыл мурун пайда болгонун айтты.
Сазыков: салык терминдерин камтыган орусча-кыргызча сөздүк чыкты

Салык терминдерин камтыган орусча-кыргызча сөздүк жарык көрдү. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китепче декабрь айында басып чыгарылып, январь айында бет ачары болуп, учурда таркатуу иштери улантылууда.

"Бул сөздүктүн пайда болушуна салык терминдеринин бир жолго салынбай, ар түрдүү колдонулуп калышы себеп болду. Бир эле сөз ар кандай мааниде колдонулуп калган жагдайлар бар. Сөздүктүн чыгышы менен салык терминдери бирдиктүү эрежеге салынды. Эми бардык тиешелүү адистер бул китепче менен иш алып барат. Сөздүктү бир гана салык кызматкерлери эмес, жөнөкөй жарандар, салык тармагында билим алган студенттер да пайдалана алат", — деди Сазыков.

Ал салык терминдерин камтыган сөздүк 1000 нускада чыккандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0