Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев атасы Абсамат Масалиев

Исхак Масалиев атасын убайымга салган учурлары болгонун айтып берди

484
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев атасы Абсамат Масалиев уул балдарына караганда кыздарына жакын болгондугун айтты.
Исхак Масалиев атасын убайымга салган учурлары болгонун айтып берди

Уул балдары, анын ичинен болочок эл өкүлү Исхак Масалиев өлкөнүн бир кездеги биринчи катчысы Абсамат Масалиевге айрым көйгөйлөрдү жаратып койгон учурлары болгон. Бул тууралуу Исхак Масалиев өзү Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атасы Кыргыз ССРинин биринчи катчысы, неберелерине өзгөчө мамиле кылган.

"Кыздары көйгөй жаратчу эмес, биз, анын ичинде мен атамды убайымга салган учурларым болгон. Бирок неберелерине кылган мамилеси өзгөчө болчу. Бардык аракеттерин кубаттап, эркелетип, эзилип турчу. Мен түшүнчү эмесмин. Ошондо атам: "Кийин өзүң неберелүү болгондо түшүнөсүң, баладан да таттуу", — деп коер эле. Мына азыр өзүм үч неберелүү болуп, бардыгын түшүнүп олтурам. Алардын орду, жыты башка экен. Апам атамдын көзүнчө ашыкча сүйлөп, жумушу тууралуу кеп кылбаганга аракет кылчу. 2000-жылдары атам депутат болуп жүргөн кезде апам анча-мынча сөзгө кошулуп, аралашып калчу. Азыр ойлосом, ошондо атам акырындап "бийликти" апама өткөрө баштаган тура. Негизи акылдуу аялга эркек үй бийлигин өзү эле мөөнөтү келгенде өткөрүп берет экен", — деди Масалиев.

Эл өкүлү атасы Абсамат Масалиев бардык неберелерине бирдей, тегиз мамиле жасагандыгын кошумчалады.

484
Белгилер:
мамиле, небере, Абсамат Масалиев, Исхак Масалиев
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

15
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

15
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

30
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо көлөм жагынан биримдикте атаандаштык жаратуу кыйын экендигин айтты.

Казакстан, Өзбекстан, Беларусь ЕАЭБ рыногуна ири көлөмдөгү продукция чыгарат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө.

"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү менен ЕАЭБ рыногунда атаандаштык жарата албайбыз. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экспорту арбын. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө. Биздеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн бири — органикалык, экологиялык таза азык-түлүк, биз ушуну менен алдыга чыксак болот. Бул багытта маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, дыйкандарды окутууга көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөлүк кардарлар аз көлөмдө сурабайт. Демек, таза азык-түлүктүн көлөмүнө басым жасоо зарыл. Ал үчүн бул тармактагы системаны өзгөртүү керек. Мисалы, жеке ишканаларды бириктирип, көлөмдү аныктай турган жолун караш керек. Ага байланыштуу "Органикалык аймак" деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Органикалык идеянын айланасында фермерлерди бириктирүүгө мүмкүн болду", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле адис туура жер иштетүү боюнча окутууларды уюштуруп, жакшы жыйынтыкка жетсе болорун кошумчалады.

30
Белгилер:
айыл чарба продукциясы, органика
Тема боюнча
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет
Операция жасап жаткан дарыгерлер. Архив

Катардан дарыгерлер келип, кулагы начар уккан 29 балага операция жасайт

0
(жаңыланган 19:02 14.06.2021)
Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 23-июнь күнү Бишкекке Катар мамлекетинен жогорку квалификациялуу дарыгерлер келип, угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап, өздөрү ала келген атайын импланттарды коюп беришет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.

"Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Элчинин айтымында, кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт. Чет элдик дарыгерлер өздөрү менен чогуу угууну жакшырта турган 150 кохлеардык импланттарды ала келишет. Жыл аягына чейин 50 операция жасалып, калган аппараттар 2022-2023-жылдары пайдаланылат", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Зарыл болгон учурда Катар тарап дагы 50 имплант берүү маселесин карайт. Министр Бейшеналиев бул жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. 

0
Белгилер:
бала, операция, дарыгер, Алымкадыр Бейшеналиев, Катар, Кыргызстан
Тема боюнча
16 жумалык түйүлдүктүн жүрөгүн текшерүүгө болот. Кардиолог Аматовдун маеги