Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Азатбек Байбагышев

Байбагышев: командир көз алдында өлгөн жоокерин унута албай акылдан тайды

1651
(жаңыланган 17:52 12.02.2019)
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Азатбек Байбагышев психикалык дартка чалдыккан жоокерлердин арасында жогорку мамлекеттик сыйлыктын ээлери дагы бар экендигин айтты.
Байбагышев: командир көз алдында өлгөн жоокерин унута албай акылдан тайды

Баткен согушу аяктагандан кийин жоокерлер реабилитациядан өткөн эмес жана ар ким өз көйгөйү менен жалгыз калган. Бул тууралуу Азатбек Байбагышев Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аскерлер үчүн согуштан кийин жай турмуш-тиричиликке кайтып келүү оңой болгон жок.

"Менин "Сочи" деген командирим болгон. Бир күнү ал кол астындагы Алтынбек Ибраев аттуу аскери менен согушкерлердин соккусуна кабылып, жоокер курман болуп калган. "Мен болбосом жоокер өлбөйт эле" деп өзүн жемелеп жүрүп психикалык жактан жабыркап, акыл-эсинен тайып калды. Бул жерде анын деле күнөөсү жок, болгону ал үчүн командир катары жоокеринен ажырап калуу чоң сокку болду. Согушта бирге болгон көп жигиттер Баткенден келгенден кийин реабилитациядан өткөн жок. Айрымдары үй-бүлөсү менен ажырашып, ичип кетти, дагы бири психикалык жактан жабыркап, эс-акылдан калышты. Арасында жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыктын ээлери бар", — деди Байбагышев.

Ошондой эле ардагер командири тууралуу кабар 2014-жылдан бери жок экендигин кошумчалады.

1651
Белгилер:
реабилитациялоо, командир, согуш
Тема боюнча
Моджахеддер башын 1 млн. долларга баалаган Кара майор каза болду
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева

Донбаева: жаңы сейил бактарга жергиликтүү көчөттөрдү отургузуш керек

38
(жаңыланган 19:09 28.10.2020)
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева аталган бакчанын уникалдуулугу эмнеде экенин айтып берди.
Донбаева: жаңы сейил бактарга жергиликтүү көчөттөрдү отургузуш керек

Ботаникалык бакчада ар кандай ооруларга туруктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар. Алар жаңы салынып жаткан сейил бактарга отургузуу үчүн сунушталууда. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, тыштан алып келинген өсүмдүктөр өлкөнүн шартына ылайыкташтырылбагандыктан өспөй калууда.

Ботаника багын Илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат

"Эгемендүүлүк алгандан бери жеке ишкерлер чет өлкөдөн көчөттөрдү алып келип, көчөлөрдө сатышууда. Алып келинген бак-шактар менен бирге ар кандай өсүмдүктөрдүн дарттары кошо кирип жатат. Ал ооруга бул жакта мурдатан өскөн бактар туруштук бергени менен сырттан алып келингендер зыян тартып жатышат. Мисалы, учурда эмен багы, каштандардын жай мезгилинде эле жалбырагы саргарып түшүп жатканына күбө болуп жатабыз. Мезгилдин өтүшү менен өсүмдүктөр климатка жараша өзгөрүүдө. Акыркы жылдары Бишкек шаарында экологиялык абал начарлап, ар кандай себептер менен түтүн каптап жатат. Бул өсүмдүктөргө дагы терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам Ботаникалык бакчанын илимий кызматкерлери изилдөө жүргүзүп, ар кандай ооруларга туруктуу көчөттөрдү отургузууну, жаңы салынып жаткан сейил бактарга дагы жергиликтүү көчөттөрдү тигүүнү сунуштап жатышат", — деди Донбаева.

Ал бакчада 6500дөн ашык өсүмдүктүн түрү бар экенин кошумчалады.

38
Белгилер:
экология, парк, өсүмдүктөр
Тема боюнча
Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео
Лид-аниматор Самара Мастанова

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

168
(жаңыланган 17:43 28.10.2020)
Лид-аниматор Самара Мастанова Кыргызстанда кандай анимациялык эмгектер жасалып жатканын айтып берди.

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

Лид-аниматор сценаристтер жана сүрөтчү-мультипликатор менен иштейт. Алсак, окуяга канча каарман, кандай фон, образдар керектигин дал ушул адис айтып турат. Бул тууралуу Самара Мастанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны

Анын айтымында, бир команда кыска метраждуу он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөт.

"Мен Кыргыз-түрк "Манас" университетин аяктап жатканда дипломдук ишимде анимация жасадым. Албетте, бизде бул тармакка басым жасалып окутулбайт. Бирок интернетте видео сабактардын жардамы менен анимациялык тасма жаратса болот. Ошону менен бирге аталган окуу жайда Кыргызстандын алдыңкы аниматорлорунун бири Каныбек Өмүрбековдун кошумча курстарына катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыр мен — иштеп жаткан студияда лид-аниматормун. Менин функциям тапшырык келсе бөлүштүрүп, жумуштун аткарылышын көзөмөлдөп, бүткөн анимациянын композициясы, пландарын карап, каталарын текшерүү. Алсак, бизде 8-9 кишиден турган 2D жана 3D жасаган командалардын бирден лид-аниматору болот. Азыркы учурда биздин эмгектер "Ютубдагы" каналга чыгып жатат. Бул өспүрүмдөргө арналган контент десек болот. Анда адамдардын жашоосундагы ийгилиги же жеңилүүсү, сүйүү же көңүл калуу жана кайгылуу, же тескерисинче, күлкүлүү окуялары чагылдырылат. Анимациялардын үнү кыргызча, түркчө, казакча, орусча, немец жана англис тилинде коштолуп чыгып жатат", — деди Мастанова.

Ал 2D жана 3D анимацияларды Moho pro, Blender программаларынын жардамы менен жасап жатышканын кошумчалады.

168
Белгилер:
анимация, тасма, мультфильм
Тема боюнча
Мультфильм каарманына айланган ар улуттун кыздары. Суктанткан сүрөттөр
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери иш учурунда. Архив

Укук коргоочулар: түрмөдө COVID жуктургандар көп. Ага ЖАМКтын жообу

32
Укук коргоочулардын айтымына караганда, ЖАМКтын жабык мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы эркинен ажырагандар отурган абактарда коронавирус инфекциясы көбөйүп кеткени боюнча билдирүү туура эмес деген маалымат таратты.

Буга чейин бир топ укук коргоочулар — Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор "Бир дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо уюмунун тартылган эксперттери менен чыгарган маалымат таратылган. Абактарда, психиатриялык ооруканаларда, балдар үйүндө коронавирус боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан.

Алар Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жабык мекемелеринде COVID-19ду жуктуруп алган көп учурлар бар, ал эми айып салып кармап турган өзүнчө жайларда отургандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес дешкен.

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

"COVID-19 башталгандан тарта ЖАМКта коронавирустун тарап кетишине жол берөө, анын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Андан сырткары, профилактикалык жана эпидемияга каршы тиешелүү аракеттер көрүлүп турат", — дешкен аталган ведомстводон.

ДССУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын жана кылмыш-аткаруу системасынын өзгөчөлүгүн эске алып, Эл аралык Кызыл жарым ай уюмунун көмөгү менен ЖАМКтын медициналык кызматы атайын алгоритмдерди иштеп чыккан.

Алар COVID-19ду профилактикалоо жана аталган инфекцияга чалдыгышы мүмкүн деген адамдарды табуу боюнча түзүлгөн.

"Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, пневмония илдетинен ЖАМКтан төрт киши, ал эми COVID-19дан эки киши каза тапты. Былтыркы жылы ушундай мезгил ичинде пневмониядан үч киши көз жумган", — деп айтышты ЖАМКтан.

Мамлекеттик кызматтан Жазык-аткаруу кодексине ылайык, айып изоляторунда кармалып тургандарга төшөнчү, шейшептер уктаган учурда гана берилет деп кошумчалашкан.

Ведомстводон тартип коргоочулар ЖАМК мекемелериндеги абалды туруксуздаштыруу максатында жасалма нерселерди түзүп жатат деп айтышкан.

32
Белгилер:
билдирүү, укук коргоочу, жугуу, коронавирус, түрмө, ЖАМК, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти