Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы салык жана бажы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Авазбек Керимбаев

Керимбаев: өлкө боюнча 24 гана ишканага жеңилдиктер каралган

135
(жаңыланган 18:01 12.02.2019)
Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы салык жана бажы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Авазбек Керимбаев республикада 9 миңден ашык кошумча нарк салыгын төлөгөн ишкер жана ишкана бар экенин айтты.

Кошумча нарк салыгын төлөгөн 9 миңдей ишкананын ичинен жеңилдик 24 гана ишканага каралган. Бул тууралуу Авазбек Керимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 9 миңдей ишканадан жок дегенде миң ишканага жеңилдик каралышы керек эле.

"Республикада кошумча нарк салыгын төлөгөн 9 миңдей ишкана жана ишкер бар. Бирок аларга берилген жеңилдиктен 24 гана ишкана пайдалана алат. Жеңилдик каралган ишканалардын документтерине мамлекет ишенет. Өлкө боюнча 9 миңдин тегерегиндеги ишкананын жок дегенде миңине жеңилдик берилиши керек болчу. Ал эми жеңилдик берилиш үчүн атайын чектеме шарттар коюлган. Мисалы, ишкананын активи 15 миллион сомдон ашык болушу шарт. Андан кем болсо болбойт", — деди Керимбаев.

Ал, мындан сырткары, жеңилдик алган ишкана алты ай тынымсыз түрдө товарын экспорттоп турушу керектигин кошумчалады.

135
Белгилер:
жеңилдик, кошумча нарк салыгы, ишкана, ишкер
Тема боюнча
Карызы барлар, карагыла. Кыргызстанда мыйзамдар жумшара баштады