Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов. Архив

Оторов: эки саатта 2 млн. сомдук айып салынды деген маалымат жалган

644
(жаңыланган 18:21 13.02.2019)
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов Whatsapp, социалдык тармактарда тарап жаткан эки саатта 2 миллион сомго чукул суммага айып пул салынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбестигин айтты.
Оторов: эки саатта 2 млн. сомдук айып салынды деген маалымат жалган

Тестирлөө учурунан алынып, "Вега" компаниясынынбы, же "Инфокомдунбу" кызматкери комментарий берип жаткан видео коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Бирок анда айтылган маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, аталган видео менен ИИМ кызматкерлери таанышып, иликтөө иштерин жүргүзө баштады.

"12-февралда "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагындагы "Коопсуз шаар" өз ишин баштады. Көп өтпөй эле "эки сааттын аралыгында 2 миллион сомго чукул айып пул салынды" деген видео тарап кетти. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени камерага катталган кыймылдын баары эле эреже бузуу болуп эсептелбейт. Ар бир түшкөн маалымат мониторинг борборуна келип түшкөндөн кийин ал жердеги тиешелүү кызматкерлер юридикалык баасын берип, кол коюп, эреже бузуу деп тапкан соң гана айып пул салынат. Аталган борбордун маалыматына таяна турган болсок, тестирлөө убагын кошкондо жалпысынан 14 миңге жакын каттоо болсо, анын 700гө чукулу кечээ түнү эреже бузган учурлар. Алардын кимиси кандай шартта эреже бузганы, канча айып пул каралганы азырынча белгисиз. Андыктан эки саатта эле 2 миллион сомдук айып бузуу катталды деген бурмаланган маалымат болуп эсептелет", — деди Оторов.

Ал ошондой эле "Коопсуз шаар" долбоору биринчи кезекте шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларын белгилөө менен калкты чындыкка дал келбеген түрдүү маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

644
Белгилер:
айып пул, камера, айдоочу, жол эрежеси, Тилек Оторов
Тема боюнча
Даяр болгула! Бишкектин дагы 38 кесилишине камера орнотулат. Карта
Камералар бир күндө 9,5 млн. сомдук айыпты каттадыбы? ЖКККББ жообу
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров

Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

28
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам туура эмес жол менен байыгандарга ылайыкташкан деген пикирин билдирди.
Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

Өлкөдө көмүскө экономика тамырлашып кеткен. Мындан улам мыйзамсыз жол менен табылган байлыктарын легалдаштыруу боюнча жаңы кабыл алына турган мыйзам ишке ашпайт. Мындай пикирин Элдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жашыруун мүлктөрүн, капиталын ачыктоону каалагандар саналуу эле болот.

“Капиталды амнистиялоо же болбосо мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору ишке ашпайт. Анткени анын баарын көзөмөл кылган система жок. Эгерде “жакынкы күндөрү жалпы декларациялоо жүргүзүлөт. Анын алкагында экономика тармагы санариптештирилип, жарандардын бардыгы текшерилет” деген коркунуч турса, кандайдыр бир натыйжа бермек. Анда айрымдар жашыруун байлыгын адалдаштырууга умтулмак. Ал эми азыр эч кандай кооптоно турган жагдай байкалбайт. Мындан тышкары, өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 40-50 пайызды түзөт. Буга бир нече объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Бир топ ишкана көмүскө иш алып барууда өзүн ыңгайлуу эле сезип жатат. Алардын кожоюндары коомчулукка капиталын ачыктоону каалабайт”, — деди Абакиров. 

Ошондой эле ал бул мыйзам иштеп кетүүсү үчүн Салык кодекси түшүнүктүү жана жеңил болушу керектигин кошумчалады.

28
Белгилер:
мыйзам, салык, декларация, Элдар Абакиров
Тема боюнча
Чиновниктер байлыгын ачыктаса, эски ишин кечирүү мыйзамы сунушталды. Чоо-жайы
Азыгалиев: Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталары форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев

Азыгалиев: Талас облусу жылына 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт

18
Азыгалиев: Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталары форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө төө буурчак өстүрүү келечектүү тармактардан экенин айтты
Азыгалиев: Талас облусу жылына 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт

Талас облусу жыл сайын 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт. Анын 99 пайызы экспортко кетет. Бул тууралуу Нурлан Азыгалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төө бурчак өндүрүүнү бүтүндөй республикага жайылтуу зарыл.

“Талас облусу соңку жылдары негизинен төө буурчак өстүрүп келет. Өндүрүлгөн продукцияга суроо-талап да жогору. Алар жыл сайын Түркия, Македония, Болгарияга жана Европа өлкөлөрүнө кыргыз төө буурчагын сатышат. Бул багытты республикалык деңгээлде колго алып, башка аймактарга да жайылтуу керек”, — деди Азыгалиев.

Ишкер фасолду жакынкы кошуна мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин кошумчалады.

18
Белгилер:
экономика, экспорт, төө буурчак
Тема боюнча
Темиркулов: кризистен чыгуу үчүн козу карын өстүрүп, коен багуу керек
Борбордук клиникалык оорукананын дарыгери. Архив

Коронавирустан улам Октябрь акимиатынын кызматкерлери имараттан чыга албай калышты

88
(жаңыланган 19:27 26.05.2020)
Райондук администрациянын имараты жабылды. Учурда бардык кызматкерлерден анализ алынууда.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Октябрь райондук администрациясынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин бир жумушчусу өз ысымын атабастан билдирди.

Анын айтымында, учурда мекеме жабылып, ал жакта иштегендерден анализ алынууда.

Азырынча окуя боюнча Бишкек мэриясы, Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык штаб расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда өткөн суткада 35 кишиден COVID-19 аныкталды. Жалпы вирусту жугузуп алгандардын саны 1468ге жетти.

Акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамасынан окуңуздар.

88
Белгилер:
кызматкер, Бишкек, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус чымын-чиркей аркылуу жугушу мүмкүнбү? Адистердин пикири
Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Тизме