Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадумаров: мамлекеттик менен бюджеттик кызматкердин айырмасы чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров. Архив
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси мамлекеттик кызматкер менен бюджеттик кызматкердин айырмасын айтып берди.
Мадумаров: мамлекеттик менен бюджеттик кызматкердин айырмасы чоң

Учурда өлкөдө жалпысынан 27 471 мамлекеттик кызматкер бар. Бул тууралуу Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр мамлекеттик кызматкер менен муниципалдык кызматкерлердин макамы бирдей.

"Жалпысынан 27471 мамлекеттик кызматкер бар. Алардын 9624ү — муниципалдык кызматкерлер. Башкача айтканда, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу мекемелеринде иштегендер. Мындан сырткары, өлкөдө бюджеттик кызматкерлер деген дагы катмар бар. Аларга архитектура жаатында, каттоо кызматында эмгектенгендер кирет. Бирок коомчулукта бюджеттик, мамлекеттик, муниципалдык деп бөлбөй эле жалпылап мамлекеттик кызматкерлер деп түшүнөт. Мамлекеттик кызматкердин бюджеттик кызматкерден айырмасы — жумушка конкурстун негизинде гана алынат. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер эмгек келишими менен корголот. Аларды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтү бүткөнгө чейин жетекчилик кызматтан алып сала албайт", — деди Мадумаров.

Ал ошондой эле республикада бүгүнкү күндө 200 миңге чукул мамлекеттик, муниципалдык жана бюджеттик кызматкер бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0