Афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев

Чотбаев: эки жолу мина жарылып, аман калдым

255
(жаңыланган 16:07 14.02.2019)
Афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев аскер дарыгери бир колу менен жарадарларды дарыласа, бир колу менен автомат кармап согуш талаасында кызмат өтөй турганын айтты.

Аскер дарыгеринин жумушун билиш үчүн согушка катышып, жарадар болуш керек. Бул тууралуу Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү эки жолку мина жарылуудан аман калган.

"Аскер дарыгеринин эмгегин, жасаган жумушун студияда отуруп айтууга болбойт. Аны билиш үчүн согушка катышып, ок жеп, жарадар болуш керек. Ошондо гана аскер дарыгерлеринин канчалык деңгээлде согуш талаасында керектигин жана ээлеген ордун биле алабыз. Мисалы, мен афган согушунда эки жолу мина жарылган кезге туш келип, аман калгам. Мындай учурда дарыгер келип, жаныңды сактап калат. Биз, жоокерлер, согушка катышып, максатыбыз душмандарды жеңүү болсо, ал эми аскер дарыгерлери эки кызматты аркалап, бир колу менен жарадарларды дарыласа, бир колу менен автомат кармап, согушта кызмат өтөйт. Ошондуктан аларга таазим этип, эмгегин баалашыбыз шарт", — деди ал.

Чотбаев азыркы кезде афган согушунун ардагерлери тез-тезден жолугуп, өткөн күндөрдү эске салып турушарын кошумчалады.

255
Белгилер:
Аскер, жоокер, Афган согушу, Абдыгул Чотбаев
Тема боюнча
Моджахеддер жоокерлерди аеосуз кыйнашкан… Афган кан майданынан 7 баян