Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асаналиева: жүрүм-туруму начар өспүрүм азыр өзү тартип сакчысы

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший инспектор ИДН ОВД города Токмок Гульзат Асаналиева
Старший инспектор ИДН ОВД города Токмок Гульзат Асаналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токмок ШИИББдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Гүлзат Асаналиева 2007-жылдан бери жашы жете элек балдар менен иштеп жүргөндүгүн айтты.
Асаналиева: жүрүм-туруму начар өспүрүм азыр өзү тартип сакчысы

Өспүрүмдөр менен иш алып барууда инспектор бир гана тартип сакчысы болбостон, мыкты психолог дагы болушу шарт. Бул тууралуу Гүлзат Асаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жүрүм-туруму шек жараткан балдарга ата-эненин өз убагындагы көзөмөлү жана туура тарбиясы келечекте чоң ролду ойнойт.

"2007-жылы окууну аяктап, Токмок шаарындагы мектептердин бирине инспектор болуп дайындалдым. Мектеп директору мага дароо эле "бул жерде бай адамдардын балдары окуйт, көп аракеттене бербе" деп шагымды сындырды. Бирок мен тез эле утулуп берчү адамдардан эмесмин. Өз ыйгарым укуктарымдын алкагында тартипке сала баштадым. Ал үчүн өзүмдүн "методикам" бар. Балдар менен иштөөдө мыкты психолог болууга туура келет. Ошентип ал мектепте алты жыл иштедим. Азыр бир кездеги окуучуларым келип, ыраазычылыктарын айтып калышат. Жүрүм-туруму начар бир бала азыр ИИМдин академиясында үлгүлүү окуп, бизде практикада жүрдү", — деди Асаналиева.

Ошондой эле тартип сакчысы жаш өспүрүмдөр 14 жашка чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгын билип, айрым учурларда мыйзам бузууларга атайын бара тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0