Курак айымдар форумунун мүчөсү, ишкер Элиза Асилбекова

Асилбекова: элеттик аялдарды ишкерликке тартуу керек

310
"Курак" айымдар форумунун мүчөсү, ишкер Элиза Асилбекова элеттик аялдарды ишкерликке тартуу керектигин айтты.
Асилбекова: элеттик аялдарды ишкерликке тартуу керек

Кыргызстандын экономикасын жогорулатуу үчүн алгач аялдардын өнүгүүсүнө салым кошуу керек. Бул себептен "Курак" айымдар форуму өз ишин баштап турган чагы. Анда ишмердүүлүк жүргүзгѳн 50 ишкер айымдын жаштар үчүн бизнес-устат программасы иштелип чыгат. Мындай пикирин Элиза Асилбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Курак" аялдар форуму Бириккен Улуттар Уюмунун Ѳнүктүрүү программасынын негизинде аялдар менен жаштардын ишкерлигин ѳнүктүрүү программасын баштап жатат. Максаты - аялдарды жумуш менен камсыз кылуу жана алардын киреше булактарын кѳбѳйтүү. Программа аялдардын ѳлкѳнүн саясий жана социалдык жашоосуна катышуу мүмкүнчүлүктѳрүн кеӊейтип, эркектер менен аялдардын ортосундагы теӊсиздик деӊгээлин азайтууга шарт түзѳт. Бул тематиканын алкагында Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Кѳл облустарында кербен-семинарлар ѳткѳрүлѳт.

"Ишмердүүлүк жүргүзгѳн 50 ишкер айым жаштар үчүн бизнес-устат программасын иштеп чыгып, жүзѳгѳ ашырат. Насаатчылык атайын бизнес-устат катары окутулган кесипкѳй айым ишкерлер тарабынан жүргүзүлѳт. Аял киши иштеп тапкан акчасын эң биринчи кезекте баласынын билим алуусуна, өсүп-өнүгүүсүнө жумшайт. Эркектерге караганда каражатты туура бөлүштүрөт. Эгер өлкөбүздүн экономикасы өнүксүн десек, аял кишинин өнүгүшүнө, тагыраак айтканда, ишкерлик менен алектенишине мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Бул программанын алкагында 10 мыкты бизнес-идея тандалып, аны ишке ашырууга каражат бөлүнүп берилет", — деди Асилбекова.

Ал элеттик айымдардын ишкерлик менен алектенишине мүмкүнчүлүктөр арбын экенин кошумчалады.

310
Белгилер:
форум, айымдары, курак, бизнес, айым, ишкер
Тема боюнча
Жетекчи экенинен сыр бербеген сулуулар. Өлкөнүн суктанткан 8 ишкер айымы
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

14
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

14
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

29
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо көлөм жагынан биримдикте атаандаштык жаратуу кыйын экендигин айтты.

Казакстан, Өзбекстан, Беларусь ЕАЭБ рыногуна ири көлөмдөгү продукция чыгарат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө.

"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү менен ЕАЭБ рыногунда атаандаштык жарата албайбыз. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экспорту арбын. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө. Биздеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн бири — органикалык, экологиялык таза азык-түлүк, биз ушуну менен алдыга чыксак болот. Бул багытта маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, дыйкандарды окутууга көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөлүк кардарлар аз көлөмдө сурабайт. Демек, таза азык-түлүктүн көлөмүнө басым жасоо зарыл. Ал үчүн бул тармактагы системаны өзгөртүү керек. Мисалы, жеке ишканаларды бириктирип, көлөмдү аныктай турган жолун караш керек. Ага байланыштуу "Органикалык аймак" деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Органикалык идеянын айланасында фермерлерди бириктирүүгө мүмкүн болду", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле адис туура жер иштетүү боюнча окутууларды уюштуруп, жакшы жыйынтыкка жетсе болорун кошумчалады.

29
Белгилер:
айыл чарба продукциясы, органика
Тема боюнча
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет