Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аматов: мектепке электрондук каттоо 15-августка чейин жүрөт

© Sputnik / Асель Акматалиева"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу" пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов
Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу" пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адиси Төлөгөн Аматов мектепке баланы киргизүү үчүн электрондук каттоо эки этаптан турарын айтты.
Аматов: мектепке электрондук каттоо 15-августка чейин жүрөт

2019-2020- окуу жылынан баштап 1-класска окуучулар электрондук каттоо аркылуу гана кабыл алынат. Бул тууралуу Төлөгөн Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо эки баскычтан турат. Биринчи этабы 15-февралдан 15-майга чейин, экинчиси 16-майдан 15-августка чейин жүрөт.

"Электрондук каттоо башталгыч класстарды кабыл алуу үчүн гана иштейт. Ата энелер балдарын 1-класска берүүгө алгач www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, баласын каттоого тургузушу керек. Сайтты колдонуу абдан жеңил, ата-энелерге ылайыкташтырылган. Балдарды каттоо эки баскычтан туруп, биринчиси 15-февралдан 15-майга чейин өз аймагындагы мектептерге кабыл алат. Эгер ата-эне башка мектепке бергиси келсе, 16-майда баштала турган экинчи этабын күтүп турушу керек. Ал 15-августка чейин уланат. Пилоттук программа азырынча Бишкек шаарын өзүнө камтыйт", — деди Аматов.

Адис аталган маалыматтык система мектепке кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында жасалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0