Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

ИИМ өкүлү: ээси табылбаган учурда деле унааны каттатып алса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов
Старший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов унаасын ишеним кат менен айдап жүргөн айдоочулар көлүктү өз атына өткөрүп алуулары керек экендигин айтты.
ИИМ өкүлү: ээси табылбаган учурда деле унааны каттатып алса болот

Айдоочулар ээси табылбаган учурда деле ишеним кат аркылуу автоунаасын өзүнө каттатып алса болот. Ал үчүн сотко кайрылууга туура келет. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими менен айдоочу Мамлекеттик каттоо кызматынын унааларды жана айдоочулук курамын каттоо департаментине барышы керек.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камераларга түшкөн эреже бузууларга туум эсептелет. Машинасы өз атында болбосо, айып пул салынганын билбей, убакытты өткөрүп жүрө бериши да толук мүмкүн. Кийин туум менен чогуу төлөөгө туура келет. Андыктан, ишеним катынын мөөнөтү бүтүп же унаанын ээсин таппай жаткан учурда айдоочу сотко кайрылуусу зарыл. Сот унааны айдап жүргөн адамга каттатууга уруксат деген чечим чыгарып берген соң гана өзүнө өткөрүп алса болот. Ал үчүн соттун чечими менен Мамлекеттик каттоо кызматына барышы керек", — деди Оторов.

Ал айдоочу унаасын өзүнө каттатып албаган учурда анын документтеги ээсинин жакындары сот аркылуу автомашинаны алып коюуга мүмкүнчүлү бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0