Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерипова: 2018-жылы катталган өрттүн 56 пайызы турак үйлөрдөн чыккан

© Sputnik / Асель АкматалиеваӨКМдин маалымат кызматынын башчысы Элмира Шерипова
ӨКМдин маалымат кызматынын башчысы Элмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалымат кызматынын башчысы Элмира Шерипова быйыл январь айында республика боюнча 191 өрт кырсыгы катталгандыгын айтты.
Шерипова: 2018-жылы катталган өрттүн 56 пайызы турак үйлөрдөн чыккан

2018-жылдагы маалымат боюнча катталган өрттүн 56 пайызы турак үйлөрүндө тутанган. Анын 47 пайызы үй тургундарынын электр энергиясына кайдыгер мамиле жасоосунан улам келип чыккан. Бул тууралуу Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, турак жайлардагы өрттүн келип чыгышына көбүнесе жашоочулардын мешке жана электр жылыткычтарына кайдыгер мамиле жасоосу себеп болот.

"2018-жылы жалпысынан 4808 өрт кырсыгы катталса, анын 56 пайызында жөнөкөй үйлөр өрттөнгөн. Турак жайларда тутанган кырсыктын кесепетинин 47 пайызы электр жылыткычтарын туура эмес колдонуудан, дагы 47 пайызы от жаккан мешти туура эмес пайдалангандыктан болууда. Анын ичинде өрттүн келип чыгуусуна жаш балдар себепчи болгон учурлар арбын. 2019-жылдын январь айын ала турган болсок, жалпы республика боюнча 191 өрт чыккан. ӨКМ жер-жерлерди кыдырып, түшүндүрүү, маалымдоо иштерин жүргүзүп келет. Ошентсе да ата-энелер балдарына күйүүчү каражаттарды берүүдө, мешке от тутантканда, электр приборлорун колдонуусунда көңүл буруп, өздөрү да этият болушса", — деди Шерипова.

Ошондой эле ал калкты аралап жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жылдан-жылга өрт кырсыгы аз катталып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0