Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетакунов: интернеттеги маалымат бүгүн бар, эртең жок

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель ассоциации информатиков Кыргызстана, профессор Уланбек Мамбетакунов
Председатель ассоциации информатиков Кыргызстана, профессор Уланбек Мамбетакунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан информатиктер ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов интернет дүйнөсүндөгү бардык эле маалыматтарга ишене бербеш керектигин эскертти.
Мамбетакунов: интернеттеги маалымат бүгүн бар, эртең жок

Балдар билимди интернеттен канча алса да баары бир китептен окуганга жетпейт. Интернеттеги маалыматтар бүгүн бар, эртең жок. Бул тууралуу Уланбек Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай кырдаалдын жаралышына ата-энелер да тынчсызданып келет.

"Интернеттен алган маалымат бүгүн бар болсо, эртең жок. Ата-энелер да бул нерсенин көйгөй экенин айтып келет. Баары бир китепти ачып, барактап отурганга эч нерсе жетпейт. Анын үстүнө электрондук китептерди окуу көзгө да зыян. Эгер китептер жетишсиз же эски болуп турса, интернеттен окуса болот. Учурда мурунку кездерге салыштырмалуу жаңы китептер арбын, алар эмгекти талап кылып жазылат. Андыктан окумуштуулардын даярдаган китептерине басым жасаган туура. Ал эми интернеттеги маалыматтардын баарына эле ишенүүгө болбойт", — деди Мамбетакунов.

Ал интернет аркылуу соода жүргүзгөн карталарга көп акча сактабаш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0