Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тайлаков: бензиндин баасы төмөндөйт

© Sputnik / Асель АкматалиеваӨкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков күйүүчү-майлоочу майларга баа баскыч-баскычы менен төмөндөй тургандыгын маалымдады.
Тайлаков: бензиндин баасы төмөндөйт

Өлкө аймагында 20дан ашуун компания күйүүчү-майлоочу май сатуу менен иш алып барат. Бул тууралуу Кеңешбай Тайлаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикага келген майдын 90 пайызы Россиядан алып келинет.

"Бензин рынок атаандаштык рыногуна кирет. Өлкөдө 20дан ашуун компания бул тармакта иш алып барат. Биздин милдет бул мекемелердин ортосунда өз ара сүйлөшүп алуу жолу менен бааларды негизсиз көтөрүп салуунун алдын алуу болуп саналат. Күйүүчү май рыногунда бир компания үстөмдүк кылат. Ал дагы акыркы күндөрү бензиндин баасын баскыч-баскычы менен төмөндөтүүдө. Жакын арада бензинге болгон баа дагы төмөндөйт. Бул жаатта биз Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен тыгыз иш алып баруудабыз. Биздин кызматкерлер баага мониторинг, анализ жүргүзүп турушат", — деди Тайлаков.

Ошондой эле аткаминер аталган агенттик өлкөдө күйүүчү-майлоочу май менен алектенген бир ири компанияга карата антимонополиялык иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0