ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын фельдшер-куткаруучусу Махабат Назарбекова

Назарбекова: ишимдин түйшүгүн жолдошум жакшы билет

137
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын фельдшер-куткаруучусу Махабат Назарбекова иштин өзгөчөлүгүнөн улам куткаруучулар көп нерселерди унутуп койгулары келерин айтты.

Куткаруучулардын психологиясында бара-бара коргоонуу рефлекси пайда болот. Бул тууралуу Махабат Назарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жолдошу дагы куткаруучу болгондуктан жубайлар бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылышат.

"Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 20 жылдан ашты. Үйдө, иште дагы биргебиз. Кээде мен же ал иштен кармалып үйгө кеч келип калганыбызда бири-бирибизди урушуп, жемелебейбиз. Түшүнүү менен мамиле кылып мен аны, ал мени аяп турат. Куткаруучулар иштин өзгөчөлүгүн эске алганда көп нерселерди, күбө болгон окуяларды баштан чыгарып, унуткулары келет. Коргонуу рефлекси пайда болот. Бирок баарын унутуп коюу кыйын", — деди Назарбекова.

Ошондой эле ал куткаруучулардын иш тажрыйбасында күлкүлүү окуялар дагы көп болорун кошумчалап өттү.

137
Белгилер:
коргонуу, психология, куткаруучу
Тема боюнча
ӨКМ сел жүрө турган кооптуу аймактарды атады