Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мурзашев: жумуртканын жарактуу мөөнөтү ашып кетсе бир ай

© Sputnik / Асель АкматалиеваБишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев азык-түлүк сатып алуучулар сактоо мөөнөтүнө сөзсүз көңүл бурушу керектигин айтты.
Мурзашев: жумуртканын жарактүү мөөнөтү ашып кетсе бир ай

Жумуртканын жарактуу мөөнөтү ашып кетсе бир ай. Бул тууралуу Махамат Мурзашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жумуртканы тоңдургучка сактаган туура эмес.

"Жумурткалардын жарактуу мөөнөтү ашып кетсе бир айды түзөт жана анын тоңдургучта сакталганы туура эмес. Сатып алуучу бир гана жумуртканы эмес, башка да азык-түлүктөрдү сатып алууда сактоо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу шарт. Тамак-аштарды муздаткычта же сыртта канча градуста сактаса боло тургандыгы жөнүндө маалымат жазылган. Ошол нерсеге маани берүү зарыл. Сапаты начар азыктардын баары эле Бишкектен чыгып жаткан жок. Алар Кытай сыяктуу коңшу мамлекеттерден келип жатканын да эстен чыгарбоо керек", — деди Мурзашев.

Ал азык-түлүккө коюлган арзандатуулардан абайлаш керектигин, сапаттуу же мөөнөтү жайында болгон тамак-аштардын баалары арзандабай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0