Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: Кувейтке барган 120дан ашык адам Кыргызстанды даңазалады

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов
Министр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Эль-Кувейт шаарында элчилик менен биргеликте Кыргызстанды таанытуу иштери жүргөндүгүн айтты.
Жаманкулов: Кувейтке барган 120дан ашык адам Кыргызстанды даңазалады

Эль-Кувейт шаарында өтүп жаткан Silkroad show: Kyrgyzstan-Kuwait иш-чарасында 120дан ашык адам Кыргызстанды даңазалады. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара бизнес, туризм жана маданият тармагына багытталган.

"Silkroad show: Kyrgyzstan-Kuwait иш-чарасын үч блокко бөлүп карасак болот — бизнес, маданият жана туризм. Аталган иш-чара Кувейттин улуттук күндөрүнүн алкагында өтүп жатат. Анын ичинде түрдүү фестивалдар да болууда. Биздин делегация менен 120дан ашык адам барып, өлкөбүздү таанытып кайтты. Ишкерлер кайсы товарды Кувейтке экспорттосо болорун үйрөнүштү. Маданият өкүлдөрү өнөрлөрүн көргөзүп, кыргыз маданиятын жайылтышты. Ал жерде этно шаарча курулуп, ар бир өлкөгө павильон берилди. Жыйынтыгында биринчи орунду Кыргызстандын көргөзмөсү багындырды. Келечекте аталган мамлекет менен достук мамиле мындан да бекемделет", — деди министр.

Ал, мындан тышкары, расмий жолугушуулар болгонун да кошумчалады.

Аталган иш-чарага 90дон ашык мамлекет катышып, 27-февралда жыйынтыкталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0